Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:47

Чек ара чыры өкмөткө сынды күчөттү


Кыргыз-тажик чек арасы. Баткен.
Кыргыз-тажик чек арасы. Баткен.

Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку окуя парламентте өкмөттүн отставкасына байланыштуу маселени козгоду.

Жогорку Кеңеш 20-мартта Баткендеги чек ара маселесин талкуулоону кийинки жумага жылдырды. Буга премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин келбегени себеп болду. Жыйында өкмөт башчыны отставкага кетирүү, вице-премьер-министр Жеңиш Разаков тууралуу айың сөздөрдү иликтөө талабы айтылды.

Парламентте Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасындагы соңку окуяга байланыштуу маселени карап же карабоо боюнча талкуу дээрлик бир саатка созулду.

Чыгып сүйлөгөн депутаттардын баары эле премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин өзү келбегенин сынга алды. Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков чек арага байланыштуу маселелердин баарына жооп бере аларын айтты:

"Чек ара маселеси боюнча вице-премьер-министр катары бул менин функционалдык милдетиме кирет. Бул маселелер боюнча мен иштейм. Ошон үчүн биз жооп берсек жетиштүү деп ойлойм", - деди Разаков.


Бирок депутаттарды мындай жооп канааттандырган жок. "Ата Мекен" фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов парламент өкүлдөрүн чечкиндүү болууга чакырды:

"Азыр баягы эле жадыбалдай жаттаган маалыматты угабыз, ошол бойдон тарап кетебиз. Элдин шаабайын ушинтип отуруп суутабыз. Урматтуу парламент, "өкмөттү угуп коелу, токтотуп коелу, чек коюп коелу, тигил жакка, бул жакка кетип калыптыр" деген деңгээлден качан көтөрүлөбүз? Келсин, болбосо жоопкерчиликке тартабыз деп айтпайлыбы. Чечкиндүүлүктү көрсөтпөйлүбү", - деп депутаттарга кайрылды.

Талкууда ошол учурда Ошто жүргөн өкмөт башчыны жыйындын түштөн кийинки бөлүгүнө чакыруу, маселени премьер-министрдин катышуусу жок эле кароо, же болбосо жума күнү кезексиз жыйынга чогулуу өңдүү сунуштар айтылды.

"Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан депутат Исхак Масалиев парламенттин тиешелүү комитети берген тапшырмаларга өкмөттүн жообу даяр болушу керек деп, маселени туура бир аптадан кийин кароону сунуш кылды. Ал өкмөттү ыкчам чара көрбөгөнү үчүн күнөөлөдү:

Исхак Масалиев.
Исхак Масалиев.

"Чынында ушундай окуя болгондо премьер-министр биринчи кезекте, өкмөт толук курамы менен отставкага кетиши керек. Бирок биз ага барбай жатабыз. Боорукер болуп, күнөөлүү эмес деп отурабыз. Биз өткөндө маалымат алганда 7-мартта эле абал кооптуу болгонун билгенбиз. Чек арачылар маалымат берген. Бүгүн маселени талкуулабай, бир жумадан кийин премьер-министр келгенде кандай чечим кабыл алганын, кимди кызматтан бошотконун, кимге кандай чара көргөнүн сурасак туура болот. Азыр кайра эле төрт саат маалымат угуп, Жеңиш Разаковго ийгилик каалап тарап кетебиз".

Масалиевдин бул сунушу көпчүлүктөн колдоо тапты. Ошентип чек ара маселеси Жогорку Кеңештин 3-апрелдеги жыйынына калды. Бирок Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин башчысы, "Бир Бол" фракциясынын депутаты Исхак Пирматов убакыт өтүп жатат деп нааразы болду:

"Өкмөттөн азыр эч кандай маалымат кереги жок. Болгону Жеңиш Разаков кечээ кандай документке, кандай редакцияга кол койгону тууралуу уксак. Эң негизгиси, биз кечээки чечимде делимитация, демаркация иштерин аягына чыгаруу үчүн кандай кадамдар жасалышы керек, кандай багыттагы социалдык маселелер чечилиши керек, ушуларды жүктөгөнбүз. Азыр ошол токтомду кабыл алып бербесек, ар бир күн, ар бир саат алтынга тете болуп жатат. Токтомду кабыл алып берели, аны өкмөт тезирээк аткарсын".


Парламентте вице-премьер-министр Жеңиш Разаковду сындагандар көп болду. КСДП фракциясынан депутат Мурадил Мадеминов Разаков "коңшу мамлекеттин тыңчысы" деген мазмундагы сөздөр кайдан чыкканына кызыкты:

"Жеңиш Парпиевич, Интернетти окуп жатасыз да ээ? Сизди коңшу мамлекеттин агенти деп берип жатышат, сиз аны окудуңуз да? Сиз Баткенде милициянын жетекчиси, губернатор болгонсуз. Бирок сиз жетекчи болуп турганда тажиктердин Шурапка, ошол эле башкы суу тосмого көзөмөл кылган эмессиз. Акыркы убакта ошол жакта болгон иштерди кыргыз тарап эмес, тажик тарап жазып жатат. Менде күмөн саноо пайда болду. Ошон үчүн сиздин паритеттик комиссияны жетектегениңиз, сиздин кечээ ал жакка барганыңыз да туура эмес. Эгер сиз аны окусаңыз, отставкага кеткениңиз оң".

Жеңиш Разаков өзү тууралуу тараган сөздөргө жабык жыйында түшүндүрмө бере турганын айтып чектелди.

"Республика Ата-Журт" фракциясынан депутат Зарылбек Рысалиев Разаков ыкчам маалыматтар боюнча чара көрбөгөнүн сындады:

Зарылбек Рысалиев.
Зарылбек Рысалиев.

"Бүгүн Жолдош Разаковдон отчет эмес, отставкасын талап кыла турган күн. Ал азыр чек ара маселесине мен жооп берем деп жатат. Ыкчам маалымат келгенде эч кандай чара көргөн эмес. Адамдар өлдү, эки мамлекеттин эли кагылышты. Разаков бул жакка келип алып "мен жооп берем" деп жатат. Разаков жооп бербей эле кетиши керек. Биз премьер-министрден "аны кетиресиңби же кетирбейсиңби" деп сурашыбыз керек. Принципиалдуу маселе ушул. Жазгы талаа жумуштары дегенде эмне, премьер-министр канча гектар жерге канча картөшкө айдайсың деп сураганы кеттиби? Былтыр айдалып бүттү го картөшкө. Быйыл да кайра сепкени жатабы?"


"Бир Бол" фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов атайын кызмат Жеңиш Разаков боюнча иликтөө жүргүзүшү керек деп чыкты:

"Жеңиш Парпиевич, сизди айрым маалымат булактарына таянып айыптап жатышат. Сиз ачык жооп бере албай, жабык жыйында айтайын деп жатасыз. Мен УКМКнын төрагасынан тез аранын ичинде эки жактан чыккан маалыматтарды тактап, ал сөздөрдүн канчалык чындыгы бар экенин иликтеп, жалпы айтпасаңыз дагы ЖКнын төрагасына, сөзсүз түрдө президентке жеткириңиз. Эгер ошондой сөздөр чын болсо, кечээки кол койгон документтери анда кандай болуп калат?", - деп суроо салды Сулайманов.

20-мартта президент Сооронбай Жээнбеков Баткендеги чек арадагы жагдай боюнча жумушчу жыйын өткөрдү. Анда чыр-чатакты болтурбоо үчүн калк арасында алдын ала жеткиликтүү иш жүргүзбөгөн күч түзүмдөрүнүн ишин сынга алганы, бузуку иштерге жол бербөөнү тапшырганы кабарланды.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG