Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:52

Саясатчыларга «жаз» келди


Сүрөт «Бир Бол» фракциясынын лидери Алтынбек Сулаймановдун «Твиттердеги» баракчасынан алынды.
Сүрөт «Бир Бол» фракциясынын лидери Алтынбек Сулаймановдун «Твиттердеги» баракчасынан алынды.

Шайлоого жакын саясатчылар социалдык тармактарды кыйла жигердүү пайдалана баштады.

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Камчыбек Ташиев 19-мартта Бишкекте кыргыз-тажик чек арасындагы соңку жагдайга байланыштуу басма сөз жыйынын өткөрдү.

Ушул эле күнү «Мекен ынтымагы» партиясынын лидери Темирбек Асанбеков да журналисттерди жыйнап, саясий-экономикалык программасы жөнүндө айтып берди.

Ал арада социалдык тармактарды кыйла жигердүү пайдалана баштаган саясатчылар көбөйдү. Талдоочулар мунун баарын эмдиги жылы боло турган шайлоого байланыштырып жатат.

Камчыбек Ташиев жыйында чек арадагы жагдай боюнча кыргыз өкмөтүн айыптады. Ал эки тараптуу соңку протоколдор сыр катары сакталып турганын айтып, аны коомчулукка ачык жарыялоону талап кылды.

Камчыбек Ташиев 2017-жылкы президенттик шайлоодо бийликчил партиянын талапкери Сооронбай Жээнбековдун пайдасына жарыштан чыккандан бери дээрлик көмүскөдө, кайсы бир саясий окуяларга байланыштуу үн катпай жүргөн.

Бул басма сөз жыйынында саясатчы өзү тууралуу да айрым суроолорго жооп берип, «Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы акыркы кырдаалды саясий упай топтоо максатында пайдаланып жатат» деген пикирлерди четке какты.

«Азыр биздин коомубуз бөлүнүп-жарылууга туш болду. Адамдын жакшы оюн, жакшы тилегин жаман нерсеге буруп жиберүүгө маш болуп калышты», - деп капаланды Ташиев.

Ал чек арадагы маселелер менен жеринен таанышуу үчүн гана барганын билдирди:

Камчыбек Ташиев президенттик шайлоо учурунда Сооронбай Жээнбековду колдоп чыккан. 9-сентябрь, 2017-жыл.
Камчыбек Ташиев президенттик шайлоо учурунда Сооронбай Жээнбековду колдоп чыккан. 9-сентябрь, 2017-жыл.

«Мына мен чек ара маселесин сиздерге келип айтып жатам. Коомчулукка жеткирип жатам. Бирок бир да жолу саясатты кошкон жокмун. Бир да жерден саясатты сүйлөгөн жокмун. Себеби, чек ара маселесине келгенде саясатты аралаштырбаш керек. Толук бойдон мамлекеттин кызыкчылыгын, ошол жерде жашаган элдин кызыкчылыгын гана ойлошубуз зарыл. Бул жерде эч кандай саясат болгон жок жана болбойт дагы».

Ушул эле күнү Бишкектеги «Ак кеме» мейманканасында «Мекен ынтымагы» партиясынын лидери Темирбек Асанбеков брифинг өткөрдү. Анда өзүн фермер деп тааныштырган бейтааныш жаран коомчулукта «Асанбеков шайлоонун алдында эле пайда боло калат» деген мазмундагы сөздөр боюнча пикирине кызыкты.

«Шайлоо болгондо эле «жарк» этип көрүнүп каласыз. Калган убакта сизди биз билбейбиз. Анан экинчиси – мына, азыр 200 партия бар. Айылдагылардын башы айланып калды. Силер ошолордон эмнеси менен айырмаланасыңар? Себеби эртеңки күнү шайлоодо баары эле программасын алып чыгат, сөзүн айтат, келгенде эле эч нерсеси жок болуп калат», - деди айылдык фермер.

Темирбек Асанбеков мындай суроого жактырбай жооп бергендей болду.

«Партия шайлоо процесстеринде гана пайда болот. 200 партиянын ичинен 5-10у гана шайлоого катышат. Юстиция министрлигинен мөөр алгандардын баары эле партия эмес», - деп түшүндүрдү Асанбеков.

Ал ошондой эле өзү тууралуу «шайлоонун алдында гана пайда болот» деген бүтүмгө каршы болду:

«Шайлоо убагында эле чыкпай, маселен 2010-жылы «коалициялык негизде түптөлгөн өкмөт улам алмашып отуруп экономиканы тоскоолдукка алып келет» деп коомчулукка айтып чыккам. Мен айткан маселе бүгүнкү күндө кыргыз элинин башына жүк болду. Андан сырткары Кыргызстан Бажы биримдигине кирип жатканда «агрардык потенциалды колдоо эрежелерин терең карап чыгышы керек» деп айткам. Чек ара маселесин көтөргөм. Сиз ушул маселелерге көңүл бурбай калсаңыз керек. Коомдук кызыкчылыктарды коргоо боюнча ой-пикирибизди айтып келе жатабыз. Таанышып алыңыз».

Ушул күндөрү айрым саясатчылар социалдык тармактарда өтө жигердүү боло баштады. Маселен, Жогорку Кеңештеги «Бир Бол» фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов жыл башында «Твиттерге» катталган жана бул жерде жандуу болууга убада берген.

Сулайманов бул платформадагы акыркы билдирүүсүн Орусиянын Якутия Республикасындагы кыргыз мигранттарынын жагдайына арнады. Анда мекендештерин сабырдуулукка, «улут аралык араздашууга жол бербөөгө» чакырды.

Алтынбек Сулайманов «Азаттыкка» комментарий берип жатып соцтармактарда жандана баштаганынын бир себеби алдыдагы шайлоого байланыштуу экенин жокко чыгарган жок:

«Негизи азыр дүйнө ушуга кетип жатпайбы. Бул жакшы көрүнүш. Саясатчылар эле эмес, бардыгы, дүйнө, медиа соцтармактарда болуп калбадыбы. Ой-пикириңди билдирип, маалымат алып турган жакшы да. Бул эми өсүш дегенди билдирет. Экинчи жактан шайлоого да байланыштуу экенин танбашыбыз керек. Бул кылган иштерди, позицияны айтып, күнүмдүк окуяларды айтып турганга дагы бир «курал». Түшүнгөн адамдарга негизи туура эле багыт. Негизи акыркы убактарда жигердүү пайдаланып жатканым чын. Мындан ары да жигердүү болоюн деген ойлорум бар».

Алтынбек Сулайманов партиясы менен шайлоога бара турганын, акырындап даярдык жүрүп жатканын да бышыктады.

Бир катар серепчилер саясатчылар шайлоону утурлай жандана баштаганын көнүмүш эле адат катары сыпатташат.

Талдоочу Эркин Абдразаковдун пикиринде, айрым саясатчылар саясий упай топтоп кала турган жагдайларды, мүмкүнчүлүктөрдү колдон чыгарышпайт.

«Айрыкча саясий окуялар курчуп кеткенде айрым саясатчылар өзүн көрсөтүп, упай топтогонго аракет кылат. Болгону эле ошол. «Булар чече албай калды, алсыз, биз болсок антебиз-минтебиз» деп өзүнүн программасын айтканга аракет кылат. Бирок эл азыр мурдагыдай эмес. Мына, ал тургай биз ишенип жаткан, ажырашкыс болуп көрүнгөн эки президент бири-бири менен кайым айтышканы кыргыз саясатынын толук калыптанбаганынан, саясий маданияттын жоктугунан кабар берет. Элди ойлобой, эки тарап болуп эле чабышып жатышпайбы», - деди ал.

Жарандык активист Айбек Мырза кыргыз саясатчыларына туруктуулук жетишпейт деген ойдо. Ал «саясатта негизинен туруктуулук бааланарын» айтты:​

Айбек Мырза.
Айбек Мырза.

«Ар кандай саясий соодалашууга барып, эгер андан жыйынтык чыкпай калса бийликти чыга калып сындап, кызмат берип койсо, оозун басып отуруп калган туура эмес. Ошондуктан туруктуу саясатчыларга маани беришибиз керек. Шайлоонун алдында эле чыга калып өз пикирин айта калуу кайсы бир саясатчылардын хоббисине айланып калгандай. Саясат, элдин тагдыры хобби эмес».

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев башында турган Кыргызстан социал-демократиялык партиясы (КСДП) 18-мартта оппозицияга өткөнүн, 2020-жылкы парламенттик шайлоого азыркы бийликке оппозиция болуп катышарын расмий жарыялады. Ушул айдын башында азыркы учурда чет өлкөдө баш калкалап жаткан Ош шаарынын экс-мэри Мелис Мырзакматов «Улуттар биримдиги» партиясын шайлоого карата жанданта баштаганы белгилүү болгон.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG