Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:03

Жээнбеков «Газпромдун» жетекчиси менен жолугушту


Алексей Миллер (солдо) жана Сооронбай Жээнбеков.
Алексей Миллер (солдо) жана Сооронбай Жээнбеков.

Президент Сооронбай Жээнбеков Орусия Федерациясынын «Газпром» акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы Алексей Миллерди кабыл алды. Жолугушууда тараптар Кыргызстандын мунайгаз тармагын өнүктүрүү боюнча пикир алмашты.

Президенттик аппарат кабарлагандай, мамлекет башчысы мунайгаз тармагындагы кол коюлган келишимдер өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө жана калктын жашоосун жакшыртууга жардам берерин айтты.

Алексей Миллер «Газпромдун» алдына коюлган бардык макулдашуулар жана милдеттер өз мөөнөтүндө жана толук ишке ашырыларын билдирди.

Орусиянын президенти Владимир Путин мамлекеттик сапарынын алкагында 28-мартта Бишкекте Орусия Кыргызстанга 2012-жылдан бери жылына 1,1 млн. тонна мунайды жана мунай өндүрүмдөрүн бажы төлөмүн албастан экспорттоп жатканын маалымдады. Путин мындай жеңилдик кыргыз экономикасына 2 млрд. доллардай жардам болуп жатканын билдирди. Орус мамлекет башчысы газдаштырыш үчүн Орусия Кыргызстанга 100 млрд. рублга чейин инвестиция жумшаларын маалымдады.

28-мартта Алексей Миллер премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев менен жолугушууда Орусиянын «Газпром» компаниясы Кыргызстанга 26,5 млрд. рубль инвестиция жумшаганын билдирген.

2014-жылы Кыргызстандын «Кыргызгаз» ишканасы Оруcиянын «Газпромуна» сатылып, «Газпром-Кыргызстан» ишканасы түзүлгөн. (ErN)

XS
SM
MD
LG