«Орусия 2016-жылы АКШдагы президенттик шайлоого кийлигишкен» деген шек боюнча атайын прокурор Роберт Мюллердин иликтөөсүнүн жыйынтыгы тууралуу отчет Конгресске апрель айынын ортосунда берилет. Бул тууралуу АКШнын башкы прокурору Уильям Барр жума күнү билдирди. Анын маалыматына караганда, бул документ менен Ак үй алдын ала таанышпайт.
Конгрессмендер Мюллердин отчетунун толук жарыяланышын талап кылып жатышат. АКШнын президенти Дональд Трамп жума күнкү басма сөз жыйынында анын жашыра турчу эч нерсеси жок экенин айтты.
24-мартта Уильям Барр конгрессмендерге атайын кат жөнөткөн. Анда «Орусия 2016-жылы АКШдагы президенттик шайлоого кийлигишкен» деген шектенүү боюнча атайын прокурор Роберт Мюллердин иликтөөсүндө Трамптын мыйзам бузганы тууралуу фактылар табылбаганын билдирген. Ошол эле убакта, ал өз катында «президенттин мыйзам бузганы аныкталбаса да, бул аны толук жоопкерчиликтен бошотпойт» деп жазган.
Иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча Дональд Трамп бул анын администрациясы үчүн «толук актоо» экенин жарыялаган.
Мюллер башында турган тергөө тобунун иликтөөсү 22 айга созулуп, анын алкагында 34 адамга жана эки компанияга айып коюлган. Айыпталгандардын 26сы Орусиянын жараны. Алтоо Дональд Трамптын жакын адамдары.
2017-жылдын башында АКШнын чалгын кызматтары Орусия шайлоонун жүрүшүнө кийлигишип, Демократиялык партиянын талапкери Хиллари Клинтонду «дискредитациялоого багытталган аракеттерди көргөн» деген шек менен иликтөө баштоону туура көрүшкөн.
Трамп өзүнүн шайлоо штабы менен Москванын ортосунда эч кандай келишүү болбогонун билдирип жүрөт.