Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Апрель, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 14:27

Бирдиктүү салык декларациясын тапшыруу 1-апрелде аяктайт


Иллюстрациялык сүрөт.

Дем алыш күндөрүнө байланыштуу бирдиктүү салык декларациясын тапшыруунун мөөнөтү 1-апрелге чейин жылдырылды. Декларациясын тапшыра элек жарандар бүгүн, эртең жана 1-апрель күнү эртең мененки саат 9:00дөн тарта кечки саат 24:00гө чейин тапшыра алышат.

Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз катчысы Эркин Сазыковдун маалымытына караганда, 27-мартка карата 300 миңге жакын адам бирдиктүү салык декларациясын тапшырды.

Декларациясын убагында тапшырбаган жеке жактарга 1000 сом, юридикалык жактарга 5000 сом айыппул салынат.

Ал эми мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер декларациясын электрондук гана түрдө бере алышат. Эгер алар декларациясын өз убагында тапшырбаса, 1000 сом айып салынып, аты-жөнү, иштеген жери жазылган тизме Салык кызматынын сайтына жарыяланып, прокуратурага берилет. (BTo)

XS
SM
MD
LG