Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:38

КСДПнын депутаттары Ош менен Баткенде партиянын жыйынын өткөрүштү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бүгүн, 30-мартта Ош жана Баткен облустарында Кыргызстан социал- демократиялык партиясынын (КСДП) конференциясы өттү.

КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева Оштогу конференцияны КСДП фракциясынын депутаты Анвар Артыков, Баткендегини аталган фракциянын депутаттары Мурадыл Мадеминов менен Карамат Орозова өткөргөнүн билдирди.

Жолдубаева КСДПнын конференциялары эми Чүй, Жалал-Абад облустарында жана Бишкек шаарында болуп, 6-апрелде партиянын кезектеги XVIII съезди өтөрүн айтты.

Ошол эле кезде Сагынбек Абдрахманов башында турган «Атамбаевсиз КСДП» деген жыйынын уюштуруп келаткан топ 29-мартта Ошто коференция уюштурду. Абдрахманов 3-апрелде КСДПнын кезекчиз XVIII съезди болорун жана ал «КСДП тазалануу жана жаңылануу жолунда» деген ураан менен өтөрүн жарыялады.

Марттын башында парламенттеги КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов КСДПнын XVIII курултайы 3-апрелде өтөрүн билдирген. (BTo)

XS
SM
MD
LG