Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:03

КСДПнын жаңылануу аракети


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстан социал-демократиялык партиясы (КСДП) жаңылана баштаганын жарыялады. Мунун алдында КСДП төрагасы Алмазбек Атамбаев партиялык ишмердүүлүккө байланыштуу жети комитет жана бир кеңеш түзүү тууралуу жобону бекиткен.

КСДП 22-февралда «Медиа форумда» басма сөз жыйынын өткөрүп, партиянын айланасындагы акыркы окуяларды «партиялык курулуштун жаңы этабы» катары сыпаттады. Башта жыйынга партиянын төрагасынын орун басарлары жана айрым мүчөлөрү катышары кабарланган.

Күтүүсүздөн КСДПнын лидери, экс-президент Алмазбек Атамбаев жыйынды өзү ачып, бирок аягына чейин катышкан жок. Ал партия азыр оор учурду баштан кечирип жатканын айтты. Кыска билдирүүсүндө экс-президент «бул бир жагынан партиянын тазаланышына шарт түзүп жатат» деп, буларга токтолду:

- Атамбаев партияны дайыма эле башкарбайт. Мамлекетти башкаргандай эле бир күнү партияны да өткөрүп беребиз. Мен партияны ким башкарса да партия өзүнүн духун, рухун, жүрөгүн сактап калат деп ишенем. Биздин партия эң кыйын кезде өзүнүн сөзүн айтчу.

​Атамбаев 21-февралда партиялык көзөмөлдү камсыз кыла турган, маалыматтык саясат, шайлоо жана башка иштерди жүргүзгөн жети комитет түзүү тууралуу жобону бекиткен. Ошондой эле бир кеңеш түзүлгөн. КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева бул комитеттер партиянын ишин оң жолго саларына ишенет.

- Бул органдар партиянын ар дайым иштей турчу органы болуп эсептелет, - деди ал. - Ага башка партияда мүчө болбогон күчтүү эксперттер, адистер жана жарандар кире алат. КСДП жаңы идеяларга, жаңы жүздөргө ачык. Эски партиялаштар менен партиянын жаңы мүчөлөрү биригип, жаңы форматтагы партияны курабыз деп жатабыз. Ушуга белсенип, реформаны баштадык. Алмазбек Атамбаевдин да бирден-бир максаты - партияны жаңылоо, жаңы форматтагы партияны түзүү, ага жаңы жүздөрдү алып келип, партияны жакшы колго өткөрүп берүү.

КСДПнын катчылыгынын маалыматына караганда, өлкө боюнча партиянын 50 миңге жакын мүчөсү бар. Учурда анын 1000ге жакыны партиялык билеттерин жаңыртты. КСДПнын төрагасынын орун басары, депутат Ирина Карамушкина партиянынын катарында калгысы келгендер жаңы партбилет алышы керек экенин белгиледи. Эми ушул жылдын апрель айында партиянын кезектеги 18-съездин өткөрүп, партиянын жаңы уставын кабыл алганы жатат.

«Атамбаевсиз КСДП» жыйынын уюштуруп келаткан Сагынбек Абдрахманов Атамбаевдин акыркы билдирүүсү боюнча ой бөлүштү:

Сагынбек Абдрахманов.
Сагынбек Абдрахманов.

- Биз түндүктө, түштүктө жана башка жер-жерлерде да чоң-чоң конференцияларды өткөрдүк. Ушундан улам анын (ред: Атамбаевдин) айласы кетип «мен партияны өткөрүп берем» деп калп айтып жатат. Анын партияны өткөрүп берүү тууралуу эч кандай ою жок болчу. Ал эми «Атамбаев партиянын башында туруп партияны тазалайбыз» дегенине ишенич жок. Андан тышкары съездди чакырганы да легитимдүү эмес. Себеби саясий кеңештин съездин 6-апрелде өткөрөлү деген чечими да легитимдүү эмес. Анткени саясий кеңештин кворуму болгон эмес.

Өзүн КСДПнын мүчөсү деп эсептеген Сагынбек Абдрахманов экс-президент Алмазбек Атамбаев «КСДПны жеке менчигине айлантып, партиянын түптөлүшүнө салым кошкон эски партиялаштарын четке сүрүп койгонун» билдирип келе жатат. Ал партиянын кезексиз съездин чакыруу боюнча да демилге көтөрүп чыккан. КСДП муну партияны тартып алуу аракети катары баалап жүрөт.

Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын ичинде да ажырым бар экени белгилүү. Бул мурдагы премьер-министр Сапар Исаковго парламентте ишенбестик көрсөтүүдө жана мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаеваны кызматтан алууда ачык эле билинген.

2018-жылдын октябрь айында партиянын саясий кеңеши Иса Өмүркуловду «партиянын максаттарына жана уставына каршы иштеди» деген негизде аны партиянын катарынан чыгарган. Саясат талдоочулар КСДПнын айланасындагы акыркы окуяларга «партиядагы кризис» деп баа беришкен.

Парламентке КСДП фракциясында ажырымдын арааны чоң экенин Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаты Асел Кодуранова да жашырбайт.

КСДПнын дагы бир депутаты Ирина Карамушина КСДПчы депутаттар Алмазбек Атамбаевди жана Сооронбай Жээнбековду колдогондор болуп эки жаатка бөлүнүп калганын айтып, Атамбаев тараптагыларга кысым болуп жатканын билдирди:

Ирина Карамушкина.
Ирина Карамушкина.

- Атамбаев менен калып, анын тарабында тургандар басымды сезип жатабыз. Жакында эле Мурадыл Ганыевич «менин туугандарымды УКМК, Эсеп палатасы, Финансы полициясы текшерип жатат, мен чарчадым» деп айтты. Бул Атамбаевдин позициясын колдогондорго басым кылуунун эң жакшы жолу. Биз азчылыкпыз. Анткени көбүнүн бизнеси болгону үчүн ачык айтып чыгуудан коркот.

КСДП - 2010-жылдан бери бийликте турган, өз катарынан эки президент чыгарган ири партия. Ал 1994-жылы түзүлгөн жана ушул тушта мүчөлөрү, Жогорку Кеңеште жана жергиликтүү кеңештерде эң көп депутаттары бар партия болуп эсептелет. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев КСДПнын төрагасы болуп былтыр март айында кайра шайланган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG