Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:52

КСДПдагы ажырымдын арааны


"Атамбаевсиз КСДП" деген чакырык менен жыйын өткөрүп келе жаткандар парламенттеги КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов менен жолукканын жарыялашты.

Жер-жерлерде "Атамбаевсиз КСДП" деген жыйындарды уюштуруп жаткандарды парламенттеги КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов кабыл алганын Сагынбек Абдрахманов кабарлады. Бирок Өмүркулов өзү бул маалыматты тастыктай элек.

Өзүн ушул партиянын мүчөсү катары тааныштырып жүргөн Абдрахманов жолугушууда Өмүркулов аларды колдогонун айтып жатат:

Сагынбек Абдрахманов.
Сагынбек Абдрахманов.

- «КСДПга жалаң уурулар, коррупционерлер келип алышты» деген сындуу катуу сөздөр айтылды. Анан «ошолордон тазаланыш керек, анын башында турган Атамбаевди съездде гана кетиребиз» деген сөз болду. Съездди кандай өткөрүш керек - ал дагы айтылды. Мына ушундай сындын баарын Иса Шейшенкулович абдан туура кабыл алды деп ойлойм. Иса Өмүркулов терс эч нерсе айткан жок. «Туура» деп колдоду.

“КСДПнын мүчөсүмүн” деген Нурбүбү Кененбаева да Жогорку Кеңеште Иса Өмүркулов менен жолукканын билдирүүдө. Ал партияны реформалоо боюнча бир катар сунуштар тууралуу сөз болгонуна токтолду:

- Мисалы, Бакиев качкандан кийин «Ак-Жол» партиясы жоголуп кетти. Лидер кетсе эле партия да жок болуп кетпеши керек да! Анткени партияга чогулган эл бар. Канча деген өмүрлөр, тарых бар. Ошону сактап калалы деп биз партиялаштарды колдодук. Биринчи кезекте райондордо конференцияларды уюштурдук. Кийин облустарда болду. Максат - партияны коррупционерлерден тазалоо, лидерин алмаштыруу, уставга өзгөртүү киргизип, «партияны саясий кеңеш башкарсын» деген чечим кабыл алуу.

Сагынбек Абдрахманов «Атамбаевсиз КСДП» деген жыйындарды төрт облуста, Чүй облусунун бир катар райондорунда өткөрдү. Ал экс-президент Алмазбек Атамбаев “КСДПны жеке менчигине айлантып, партиянын түптөлүшүнө салым кошкон эски партиялаштарын четке сүрүп койгонун” билдирип келе жатат.

Ал эми КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева Сагынбек Абдрахманов партиянын саясий кеңешинин чечими менен былтыр эле партиянын катарынан чыгарылганын кабарлаган. Ал «Атамбаевди лидерликтен түшүрүүнү каалагандар менен Иса Өмүркулов жолукту» деген маалымат тууралуу мындай пикирин билдирди:

- Менин билишимче Иса Өмүркулов азырынча бул маалыматты тастыктай элек. Ушул тапта партиянын айланасында болуп жаткан көрүнүштөр КСДПнын 25 жылдык тарыхында биринчи жолу болуп жаткан жок. Партияда мурда деле саткындар, өзүнүн жеке кызыкчылыгын ойлогон уйгактар болуп келген. Азыр болуп жаткан бул оюндардын артында чоң күчтөр турат. Алар партияны бөлүп-жарганга кызыкчылыгы бар. Бирок бул ыплас иштер эч нерсеге алып келбейт, майнап чыкпайт. Анткени КСДПны Атамбаевсиз элестетип болбойт.

Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын мүчөсү Төрөбай Зулпукаров фракция лидери менен КСДПнын айрым мүчөлөрүнүн жолугушуусунда айтылган сөздөр жалпы фракция депутаттарынын пикирин билдирбей турганын эске салды:

Төрөбай Зулпукаров.
Төрөбай Зулпукаров.

- Иса Шейшенкулович КСДПнын Ысык-Көлдөн келген мүчөлөрү менен жолукканы тууралуу маалыматым бар. Ажырым азырынча так көрүнө элек. Кандай ажырым, эмне болгон ажырым экени келечекта даана билинет. ММКларда туура эмес маалыматтар чыгып калды. Анткени бул маселе фракцияда каралган жок. Ошондуктан фракцияда каралбаса, добушка салынбаса ал жалпы фракциянын ою болуп эсептелбейт.

Ал эми Иса Өмүркулов бул боюнча эч кандай комментарий бере элек. Аны менен байланышып оюн угуу аракетибизден жыйынтык чыккан жок.

Талдоочулар КСДП фракциясынын депутаттары менен партиянын ортосундагы ажырым мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков менен мурунку башкы прокурор Индира Жолдубаеваны кызматтан алуу учурунда эле белгилүү болуп калганын айтып жүрүшөт.

Саясий эксперт Марс Сариев КСДПдагы бир топ саясатчылар азыркы бийликти колдоп жатканын белгиледи:

Марс Сариев.
Марс Сариев.

- КСДП фракциясынын көпчүлүк депутаттары Сооронбай Жээнбековду колдойт. Ал эми Иса Өмүркулов саясатта калгысы келет. Буга чейин шаардын мэри болуп келүүгө аракет кылган. Эгер Атамбаевдин эң жакын адамдары ушинтип экинчи тарапка өтүп кете берсе Атамбаевдин саясаттагы салмагы абдан төмөндөп кетет.

Быйыл март айында КСДПнын жыйыны өтүп, анда экс-президент Алмазбек Атамбаев партиянын төрагасы болуп шайланган.

Кыргызстан социал-демократиялык партиясы - эгемен Кыргызстандагы эң эски жана ири саясий күчтөрдүн бири. Ал 1993-жылы түзүлгөн. Жогорку Кеңеште жана жергиликтүү кеңештерде эң көп депутаттары бар партия болуп эсептелет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG