Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:09

Кодуранованын кетиши чыр менен коштолду


Асел Кодуранова.
Асел Кодуранова.

КСДП фракциясынын сунушунун негизинде депутат Асел Кодуранова Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басарлыгынан алынды. Жыйында добуш берүүгө катышкан 111 депутаттын 92си сунушту колдоп, 19 депутат каршы добуш берди.

Жогорку Кеңештин 20-декабрдагы жалпы сессиясында КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркуловдун Асел Кодуранованы вице-спикерликтен чакыртып алуу боюнча фракциянын чечимин күн тартибине киргизип, добуш берүүнү электрондук негизде жабык өткөрүү боюнча сунушу депутаттарды эки жаат кылып айтыштырды.

Айрым эл өкүлдөрү “фракциянын чечими мыйзамсыз, аны күн тартибине киргизсе парламенттин регламенти бузулат” деп чыгышты. Ал ортодо добуш берүүнүн тартиби боюнча депутат Алтынбек Сулайманов менен төрага Дастанбек Жумабеков кайым айтыша кетти.

- Сиз актанбаңыз, сиз туура эмес кылдыңыз! Эгер ушундай кыла берсеңиз үчөөңдү тең ротация кылышыбыз керек. Түшкүлө, үчөөң тең. Алмаштыралы, баарыңарды!

- Сиз "түшкүлө" деп айтканга укугуңуз жок. Мыйзам бар.

- Укугум бар!

- Анда мыйзам менен келиңиз. “Түшкүлө” дегидей эмне, бул жер сиздин ордуңузбу?

- Ишенбестик көрсөтөбүз сизге бүгүн!

Депутаттар кайым айтышты
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:23 0:00

Жыйынтыгында көпчүлүк депутаттардын колдоосу менен Асел Кодуранованын маселесин кароо күн тартибине киргизилди. Парламент танапистен кийин электрондук жабык добуш берүүдө Кодуранованы вице-спикерликтен алууну жыйынга катышкан 111 депутаттын 92си колдоп, 19у каршы болду. Кызматтан алынар алдында Кодуранова билдирүү жасап, аны төраганын орун басарлыгынан чакыртып алуу боюнча КСДП фракциясынын чечими үчүн фракция лидери Иса Өмүркуловду айыптады:

- Иса Шейшенкулович, сиз бүгүн “парламентте отургандардын ичинен мен саясатта эң көп убакыттан бери жүрөм” деп айттыңыз. Сиз билгендей, күчтүү эркек күчтүү эркек менен атаандашат. Ал эми алсыз эркек өзүнө аял кишини каршылаш кылат. Бүгүн сиз муну ийгиликтүү аткардыңыз. Аны менен сизди куттуктайм. Иса Шейшенкулович, мен сизди 23 жылдан бери билем. Карындаш катары «байкем» деп мамиле кылчумун. Бала кезимде таенем байкелериме «эстүү адам болсоң ачаар эшигиңди катуу жаппа, карындашыңды какпа” деп айтчу. Сиз бүгүн ачаар эшигиңизди абдан катуу жаптыңыз, карындашыңызды абдан катуу кактыңыз!

Буга чейин Кыргызстан социал-демократиялык партиясы (КСДП) билдирүү таратып, Асел Кодуранова вице-спикерликтен саясий негизде алынып жатканын жарыялаган. Партия “КСДП фракциясынын тиешелүү маселени караган жыйыны регламентти жана фракциянын жобосун одоно түрдө бузуу менен өткөнүн” белгилеген. Фракция лидери Иса Өмүркулов коюлган дооматтарга мындайча жооп берди:

Иса Өмүркулов.
Иса Өмүркулов.

- Бул фракциянын чечими. Мен фракциянын жетекчиси катары сунушту күн тартибине киргизишим керек. Ал менен милдетим. Регламент боюнча менин бир добушум бар. Эгер партияда туруктуулук болсун десеңер, силер башкаларга да бөлөкчө мамиле кылышыңар керек болчу. Баштаган өзүңөрсүңөр. Маселе сиз менен менде эмес. Маселе мындан да терең жатат. Мен аялзатын сыйлап келгем жана сыйлайм. Бул жерде жеке мамиле болбошу керек. Бул деген саясат.

КСДП фракциясынын депутаты Ирина Карамушкина Кодуранованын вице-спикерлик кызматтан кетишин анын өткөн аптада саясатчы Өмүрбек Бабановдун маселесин күн тартибине чыгарууну добушка койгону жана экс-президенттин кол тийбестигин алчу мыйзам долбооруна каршы добуш бергени менен байланыштырып жүрөт. Ал Кодуранова кызматтан алынгандан кийин “Азаттык” менен болгон маегинде мунун артында кимдер турганы тууралуу өз божомолун айтты:

Ирина Карамушкина.
Ирина Карамушкина.

- Тилекке каршы, азыр партияны бөлүп-жарып жиберишти. Азыр партиянын принципиалдуу мүчөлөрүн андан чыгарып, партияны күч менен тартып алуу аракети жүрүп жатат. Буга “Атамбаевсиз КСДП” деген чакырыктар менен өтүп жаткан жыйындар далил. Биз ал жыйындарды партиянын мүчөлөрү эмес, башка күчтөр уюштуруп жатканын далилдедик. Ушуга окшогон иштер азыр бийликтин жогорку тепкичинде тургандарга зарыл болуп тургандай.

Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев КСДП партиясынын ички маселеси парламенттик деңгээлге чыгып кеткенин туура көргөн жок:

Исхак Масалиев.
Исхак Масалиев.

- Биз кынтыксыз, мыйзам чегинде иштесек коомчулукта бизге болгон ишеним пайда болмок, - деди ал. - Вице-спикерди кызматтан бир-эки күндө алып салуу - ал фракциянын иши. Бирок ал жол-жобосу менен болушу керек болчу. Жеке мен каршы добуш бердим. Анткени депутаттар вице-спикерди кызматтан алуу боюнча бюллетень менен жашыруун добуш беришибиз керек эле. Экинчиден, муну “ротация болуп жатат” десек -анда баарын ротация кылыш керек. Эгерде саясий негизде партиянын ичинде талаш болсо - ал партиянын ичинде калыш керек. Ал парламентке чыкпаш керек.

Кодуранованы кызматтан алуу Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалиция маселесин да козгоду. Коалициядагы “Бир Бол” фракциясынын депутаты Акылбек Жапаров вице-спикердин кызматы боюнча КСДП коалиция менен эмнеге кеңешпегенине кызыкты.

- Вице-спикерлик коалициялык көпчүлүккө таандыкпы же фракцияныкыбы? Бул боюнча коалиция менен да акылдашып койсоңуз болмок экен. Биздин фракция кат жүзүндө эки жолу кайрылды. Сиз коалициялык көпчүлүктүн лидери катары акылдашып койсоңуз. Ушуну жасабай жатасыз, - деди ал Иса Өмүркуловго кайрылып.

Парламенттин КСДП фракциясы депутат Асел Кодуранованы вице-спикерлик кызматтан чакыртып алуу жөнүндө чечимин 14-декабрда кезексиз жыйынында кабыл алган. Ал бул кызматка 2017-жылы шайланган. Фракция жаңы вице-спикерликке депутат Аида Касымалиеванын талапкерлигин көрсөткөнү да белгилүү. Маалымат боюнча бул маселе келерки жумада каралганы турат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG