Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Апрель, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 07:32

Чүйдө поезд автоунааны сүзүп кетип үч киши каза болду


Кырсык болгон жерден тартылган сүрөт. Сүрөт Шаирбек Маматокторовдуку.

Чүй облусунун Москва районунда поезд жеңил автоунааны сүзүп кетип үч киши каза болду. Алардын бири бала экенин «Азаттыкка» Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Жылдыз Айгерчинова билдирди.

«Кырсыкта жабыркаган бир аял учурда Москва районунда ооруканада реанимацияда жатат. «Абалы оор» дешти. Аялдын жанындагы бала жолдо «тез жардамда» баратып чарчап калган жана дагы эки киши кырсык болгон жерден эле каза болгон», - деди Айгерчинова.

Кырсык бүгүн, 31-мартта Бишкек-Ош автоунаа жолунда болгон. Ага күбө болгон адамдардын айтымында, автоунаа 10 метрге чейин ыргып, поезддин рельсинин темирлери чыгып кеткен. (BTo)

Пикирлерди көрүңүз (5)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG