Бүгүн, 31-мартта Украинада президенттик шайлоо өтүп жатат. Шайлоо бекеттери жергиликтүү убакыт боюнча саат 8:00дө ачылды. Добуш берүү саат 20:00дө аяктайт.
Жарышка 39 талапкер катышууда. Шайлоодо үч адамдын шансы жогору бааланууда, алар – азыркы президент Петро Порошенко, куудул Владимир Зеленский жана мурдагы өкмөт башчы Юлия Тимошенко.
Шайлоого 19 эл аралык уюмдан жана 17 мамлекеттен келген 2344 байкоочу көз салып жатат. Шайлоо күнү коомдук тартипти сактоо үчүн Украинанын Ички иштер министрлигинин 130 миңден ашык кызматкери иштеп жатат.