Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:38

«Ак-Тилек» бекетинде 200дөн ашык автоунаа кезекте турат


Кыргыз-казак чек арасы. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргыз-казак чек арасы. Иллюстрациялык сүрөт.

«Ак-Тилек - Автожол» көзөмөл өткөрмө бекетинде Казакстанга өтүү үчүн кезекте турган оор жүк ташуучу автоунаалардын саны 200дөн ашты. Бул тууралуу «Азаттыкка» Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз катчысы Салкын Абдыкариева билдирди.

Алардын арасында Казакстандын чек арачыларынын текшерүүсүнөн өтпөй калып артка кайтарылган автоунаалар да бар. Абдыкариева ошол эле учурда «Казакстанга автоунаалар такыр эле өтпөй калды» деген маалыматтарды четке какты.

«30-мартта бир күндүн ичинде Казакстанга 150 машине өттү. Бирок 150 машине Казакстанга өткөнү менен кайра эле ушунча автоунаа чек арага келип, ошол жерде турат. Демек машинелер такыр эле өтпөй калган жок. Кимдин автоунаасы, документи казак тараптын талабына жооп берсе коё берилип жатат», - деди Абдыкариева.

Кыргыз-казак чек арасында жүк өтпөй турат
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:56 0:00

Кыргызстан менен Казакстандын чек арасындагы «Ак-Тилек - Автожол» көзөмөл өткөрмө бекетинде жүк ташуучу автоунаалардын узун кезеги 19-марттан тартып пайда болгон.

Маалыматка караганда, казак тарап текшерүүнү күчөтүп, бир саатта 4-5 жүк ташуучу автотранспортун өткөрүүдө. Текшерүү күчөтүлө электе аталган посттон күнүнө 300дөн 400гө чейин жүк ташуучу автоунаа өтүп турган.

Мамлекеттик чек ара кызматы казак тарап азырынча текшерүү эмне себептен күчөтүлгөнүн түшүндүрө электигин кабарлады.

Эки өлкөнүн чек арасында жайгашкан дагы бир «Чоң-Капка» көзөмөл өткөрүү бекетинде да 30га чукул оор жүк ташуучу автоунаа турганы белгилүү болду. (BTo)

XS
SM
MD
LG