Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:51

Тимошенко менен Зеленский добуш беришти


Актер, куудул жана Украина президенттигине талапкер Володимир Зеленский өз добушун берип жатат. Киев. 31-март, 2019-жыл.
Актер, куудул жана Украина президенттигине талапкер Володимир Зеленский өз добушун берип жатат. Киев. 31-март, 2019-жыл.

Сурамжылоолордун жыйынтыктары боюнча шайлоонун экинчи айлампасына өтүүгө мүмкүнчүлүгү жогору деп эсептелген Украина президенттигине талапкерлердин айрымдары өз добуштарын беришти.

"Батькивщина" партиясынын лидери Юлия Тимошенко өз добушун Киевдеги шайлоо бекеттеринин биринде берди. Ал "бардыгы жакшы болоруна" ишенерин жана "жаз жеңерин" билдирди.

Куудул, актер Владимир Зеленский добушканага баратканын "Фейсбуктагы" баракчасы аркылуу түз көрсөтүп турду. Ал "абдан татыктуу жана чынчыл адамды" тандаганын айтты.

Киев шаарынын мэри, бул ирет президенттикке катышуудан баш тарткан Виталий Кличко добушканага велосипед менен барды.

Жалпысынан Украина президенттигине 39 талапкер ат салышып жатат. Өлкө аймагында 30 миңден ашуун шайлоо бекети ачылды. Техникалык себептерден улам Одесса облусунда гана бир добушкана ачылбай калды. Шайлоо Орусия аннексиялап алган Крым жарым аралында жана орусиячыл козголоңчулардын карамагындагы Донецк жана Луганск облустарында өткөрүлгөн жок.

XS
SM
MD
LG