Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:55

Украина: президент тандоо жараяны


Шайлоо бекеттери жергиликтүү убакыт боюнча саат 8:00дө ачылды.

Украинанын Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына ылайык, жекшембидеги президенттик шайлоодо жергиликтүү убакыт боюнча саат 15:00гө карата шайлоочулардын 44 пайыздан ашыгы добуш беришти. Бул сан беш жыл мурунку шайлоого салыштырмалуу көбүрөөк. 2014-жылкы президенттик шайлоодо бир күндүн ичинде жалпы шайлоочулардын 60 пайызы гана добуш берген.

Украинанын батыш аймактарына салыштырмалуу борбордук бөлүгүндөгү Днепропетровск облусунда добуш берүүчүлөр жигердүүлүгүн көрсөтүүдө. Алгачкы экзит-поллдордун жыйынтыгы добушканалар кечки саат 20:00дө жабылгандан көп өтпөй жарыяланат.

Президент Петро Порошенко Киевдеги Офицерлер үйүндөгү шайлоо бекетинде добуш берди. Ал добушканага үй-бүлөсү менен барды.

"Мен Украина үчүн добуш бердим" деген Порошенко бюллетенди үкөккө салгандан кийин шайлоо жакшы уюштурулганына ишенерин жана Украина үчүн чоң мааниси бар реформалар ишке ашмайынча, Киев Евробиримдик менен НАТОго мүчө болууга умтула берерин айтты.

Буга чейин сурамжылоолордун жыйынтыктары боюнча алдыда келатышкан талапкерлер - куудул Владимир Зеленский менен "Батькивщина" партиясынын лидери Юлия Тимошенко да добуштарын беришти.

Украина: талапкерлер добуш беришти
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:13 0:00

Өлкө аймагында 30 миңден ашуун шайлоо бекети ачылды. Шайлоо Орусия аннексиялап алган Крым жарым аралында жана орусиячыл козголоңчулардын карамагындагы Донецк жана Луганск облустарында өткөрүлгөн жок.

Шайлоо бекеттериндеги коопсуздукту 39 миңдей полиция кызматкерлери камсыздап жатышат. Ошондой эле атайын бөлүктүн жана Улуттук гвардиянын жоокерлери да ар кандай окуяларды алдын алуу үчүн даярдыкта турушканы кабарланды.

Полиция шайлоодогу мыйзам бузууларга байланыштуу 500дөй арызды каттады. Бул тууралуу Украинанын Ички иштер министрлигинин пресс-кызматы «Твиттердеги» баракчасы аркылуу кабарлады. «Түшкү саат 2ге карата полиция шайлоо процессине байланыштуу 522 арызды каттады» деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө. Мыйзам бузуулардын көбү Киев, Донецк, Харьков жана Днепропетровск облустарында катталган. Полиция ошондой эле шайлоодогу мыйзам бузууларга байланыштуу сегиз кылмыш иши козголгонун билдирди.

Эгер шайлоонун биринчи айлампасында талапкерлердин бири да добуштардын 50 пайыздан көбүрөөгүн топтой албаса, добуш берүүнүн экинчи айлампасы өтөт. Ал алдын ала 21-апрелге белгиленген.

Үч талапкер алдыда

Жарышка 39 талапкер катышууда. Шайлоодо үч адамдын шансы жогору бааланууда, алар – азыркы президент Петро Порошенко, куудул Владимир Зеленский жана мурдагы өкмөт башчы Юлия Тимошенко.

Шайлоонун алдында Киевдеги Социология институту өткөргөн соңку сурамжылоонун жыйынтыгына ылайык, президенттикке талапкер, куудул жана актер Владимир Зеленскийди калктын 20,9%, азыркы мамлекет башчы Петро Порошенкону 13,7% ал эми “Батькившина” партиясынын лидери Юлия Тимошенкону 9,7 пайызы колдоору аныкталган.

40 жаштагы актер, куудул Владимир Зеленский «95-квартал» деп аталган стендаптын негиздөөчүсү жана башка бир катар телесериалдардын продюсери катары белгилүү.

Зеленский «Элдин кызматчысы» («Слуга народа») деген популярдуу сериалда карапайы мектеп мугалиминен президенттикке чейин жеткен каармандын ролун ойноп жүрөт.

Киевдеги добушканалардын бирине келген Добривечировдордун үй-бүлөсү Зеленский үчүн добуш беришкенин айтышты. Алардын 19 жаштагы кызы Анастасия “Зеленский сериалдагыдай эле өлкөбүздү оңдойт”,-деди "Азаттыктын" украин кызматына.

Анын энеси Светлана азыркы президент Петро Порошенко бийликке келгени эч нерсе оңолбогондуктан Зеленскийди тандаганын айтты.

“Соңку беш жылда жашообуз артка кетти. Коммуналдык кызматтардын баасы кымбаттады. Ал эми биздин чоң апабыз сыяктуу пенсионерлердин жашоосу начарлады”.

Светлана Петро Порошенконун бийлиги маалында украиналыктарга Евробиримдикке визасыз кирүүгө уруксат берилгенин жана Украин чиркөөсү өз алдынча болгонун жетишкендик деп баалайт.

Анткен менен айрым байкоочулар Зеленский шайлоонун экинчи айлампасына өтсө да саясий жактан тажрыйбасы жок талапкер катары толук жеңишке жете албайт деп белгилеп жатышат.

Өлкөдөгү эң бай саясатчы, 53 жаштагы Петро Порошенко бийликке 2014-жылкы Майдан окуясынан кийин келген. Анда Европага жан тарткандар Киевдин борбор аянты Майданга чогулуп, Москвага ыктаган президент Виктор Януковичти тактан түшүргөн.

Дагы бир талапкер Юлия Тимошенко президенттикке экинчи жолу ат салышууда. Украинадагы 2004-жылкы революциянын лидери, мурдагы премьер-министр 2014-жылы шайлоодо Петро Порошенкого утулуп калган.

Кыргызстандагы украиналыктар да добуш беришти

Кыргызстанда жашаган украиналыктар да өз өлкөсүндө өтүп жаткан президенттик шайлоого добуш берип жатышат.

Добуш берүү бекети Украинанын Кыргызстандагы элчилигинде ачылган. Шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, алгачкы шайлоочулар эртең менен саат 8:00дө келип жарандык милдетин аткарып кетишти.

Шайлоого 19 эл аралык уюмдан жана 17 мамлекеттен келген 2344 байкоочу көз салып жатат. Шайлоо күнү коомдук тартипти сактоо үчүн Украинанын Ички иштер министрлигинин 130 миңден ашык кызматкери иштеп жатат.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG