Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:18

Ооганстандагы суу ташкыны 35 адамдын өмүрүн алды


Ооганстандагы суу ташкыны. 29-март, 2019-жыл (видеодон алынган сүрөт)
Ооганстандагы суу ташкыны. 29-март, 2019-жыл (видеодон алынган сүрөт)

Ооганстанда 29-мартта башталган суу ташкыны кеминде 35 адамдын өмүрүн алды. Миңдеген турак жайлар жабыркап, өлкөнүн алыскы аймактары менен транспорттук байланыш үзүлгөнүн бийлик өкүлдөрү билдиришти. Табият кырсыгынан Фарьяб провинциясында 12, Герат чөлкөмүндө 10, Багдис провинциясында сегиз, Балхта беш адам каза болгону кабарланды. Он чакты адамдын дайыны белгисиз.

Кызыл Жарым Ай уюмунун Ооганстандагы бөлүмүнүн башчысы Мир Гулабуддин Миринин айтымында, сел жолдорду алып кеткендиктен алыскы аймактардагы жабыркаган тургундарга жардам көрсөтүү мүмкүн болбой жатат.

"Герат провинциясынын ондон ашуун району жабыркады. Үй-жайынан ажыраган адамдар абдан көп. Биз азырынча аларды тамак-аш жана жылуу жууркандар менен гана камсыздай алдык"-дейт ал.

Соңку жумаларда Ооганстанда катуу жамгыр жааган. Коңшу Иранда да нөшөрдөн улам сел каптап, 44 адам көз жумду. Ондогон адамдар жабыркады.

XS
SM
MD
LG