Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:22

Мозамбик: кара нөшөр алып келген алаамат


Мозамбикте табигат кырсыгы Мозамбиктин тарыхындагы эң чоң суу ташкыны катары бааланууда.
Мозамбикте табигат кырсыгы Мозамбиктин тарыхындагы эң чоң суу ташкыны катары бааланууда.

Мозамбикте Идай кара нөшөрүнөн жана бороон-чапкынынан курман болгондордун саны миңден ашышы мүмкүн. Бул тууралуу өлкө президенти кабарлады.

Катуу шамал жана суу ташкыны айыл-кыштактарды, жолдорду жана көпүрөлөрдү кыйратты. Бул Мозамбиктин тарыхындагы эң чоң суу ташкыны катары бааланууда.

Табигат кырсыгы Африкадагы Малави менен Зимбабвеге да алаамат алып келди.

14-мартта башталган тропикалык Идай куюну жана андан кийинки суу ташкыны Африкадагы Мозамбик өлкөсүнүн борбордук бөлүгүндөгү айыл-кыштактарга жана шаарларга зыян келтирди. Жолдорду, көпүрөлөрдү сел алып, талаадагы түшүмдү суу жууп кетти, электр линиялары талкаланды.

Суу ташкынынан кийин тышкы дүйнө менен байланыш үзүлүп, он миңдеген адам көчөдө калды.

«Менин кайнатам үй кулап түшкөндө каза тапты, анын жанында дагы бир бала бар болчу. Ал баланы таппай жатабыз. Биздин оюбузча ал бир жерге тыгылып калган болушу керек, баланы таап берүүгө жардам сурап жатабыз», деди Мозамбиктин тургуну, Тафадзва Войо аттуу келин.

Кызыл чырым уюмунун маалыматына караганда, нөшөрлүү жаандан жана бороон-чапкындан Мозамбиктин төртүнчү чоң шаары - Бейра 90 пайыз жабыркады. 500 миңдей адам жашаган Бейра стратегиялык экинчи порт шаар болуп эсептелет.

Талкаланган Бейре шаарынын үстүнөн тартылышы.
Талкаланган Бейре шаарынын үстүнөн тартылышы.

Мозамбикте табият кырсыгынан курман болгондордун саны 84кө жетти. Бирок өлкө президенти Филип Ньюзи алааматтын масштабын эске алып, өлгөндөрдүн саны миңден ашышы мүмкүн экенин кабарлады:

«Мен суу ташкыны болгон жердеги эл менен сүйлөштүм. Алар сабырдуулук кылып, кырсыкка түшүнүү менен мамиле кылууда. Алар суу чыны менен көйгөй экенин айтып жатышат. Биз азык-түлүк жана дары-дармек алып келүүнү күчөтүүбүз зарыл. Эл дүрбөлөңгө түшкөн жок, биз аларга тилектештигибизди билдирип, куткаруу иштерин жүргүзүп жатабыз»

Африкадагы бул жакыр өлкөдө 2000-жылы да Элин циклонунан кийинки суу ташкынынан 350 адам көз жумган. Ал акыркы 300 жылдагы эң чоң алаамат деп бааланган болчу.

Ал эми азыркы табигат кырсыгы Мозамбиктин тарыхындагы эң чоң суу ташкыны катары бааланууда.

Жергиликтүү тургундардын бири Голден Кусвиба «Мен үй-бүлөмдөн кабар алганы баратам. Бирок алар тирүүбү же жокпу билбейм. Анткени байланыш жок, жолдор бузулган. Кайсы жол менен барарымды билбей турам» деди.

Суу ташкынынан кийин тыш дүйнө менен байланыш үзүлүп, он миңдеген адам көчөдө калды.
Суу ташкынынан кийин тыш дүйнө менен байланыш үзүлүп, он миңдеген адам көчөдө калды.

14-мартта башталган Идай куюну Африкадагы Малави менен Зимбабвеге да алаамат алып келди. Бул эки өлкөдө ондогон адам суу ташкынынан каза таап, көптөгөнү дайынсыз болууда. Зимбабвенин Маалымат министрлиги 98 адам өлүп, 217 киши дайынсыз болуп жатканын кабарлады.

«Чек арасыз дарыгерлер» уюму Малавинин түштүгүндө дарыялар ташкындап 11 миң киши көчүрүлгөнүн да билдирүүдө.

Синоптиктер нөшөрлүү аба ырайы жана бороон чапкын дагы бир канча күн сактала турганын эскертүүдө. Айрым жерлерде шамалдын ылдамдыгы саатына 170 чакырымга жетип, имараттарды шыпырып кеткен.

XS
SM
MD
LG