Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:03

Сурамжылоо: Эрдогандын партиясы шайлоодо утулушу мүмкүн


Жергиликтүү шайлоодо добуш берип жаткан түркиялыктар. 31-март, 2019-жыл.
Жергиликтүү шайлоодо добуш берип жаткан түркиялыктар. 31-март, 2019-жыл.

Түркияда 31-мартта жергиликтүү шайлоолор өтүп жатат. Добуш берүүнүн алдындагы сурамжылоолор президент Режеп Тайып Эрдогандын АК партиясы башкалаа Анкарада жана башка ири шаарларда утулуп калышы мүмкүн экенин көрсөткөн.

Бул Түркия толук президенттик башкарууга өткөндөн кийинки алгачкы добуш берүү. Шайлоочулар 1389 шаардын мэрин жана миңдеген жергиликтүү кеңештердин депутаттарын тандашат.

Партиясы бийликке келген 2002-жылдан бери Эрдоган жана анын тарапташтары бир да шайлоодо жеңилишкен эмес. Бул жолку шайлоо өлкөдө экономикалык каатчылык күчөп турган маалга туш келди.

Айрым сурамжылоолорго караганда, Анкаранын мэрлигине талапкер, оппозициячыл Мансур Яваш алдыда баратат. Ал 2014-жылы да бул кызматка ат салышып, утулуп калган.

Түркиянын 82 миллионго чукул калкынын 57 миллионго жакыны добуш берүүгө укуктуу.

XS
SM
MD
LG