Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:01

Баткен: Абиш Халмурзаев кызматтан кеткени айтылууда


Абиш Халмурзаев.
Абиш Халмурзаев.

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Халмурзаев кызматтан кеткенин «Азаттыктын» жеке булагы билдирди. Бирок өкмөттүн басма сөз кызматы бул маалыматты ырастаган да, четке каккан да жок.

13-14-март күндөрү Баткендеги кыргыз-тажик чек арасындагы чырда жергиликтүү тургундардын айрымдары Халмурзаевге нааразы болуп, анын кызматтан кетишин талап кылышкан.

Абиш Халмурзаев өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп 2016-жылдан бери иштеп келатат. (BTo)

XS
SM
MD
LG