Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2021 жума, Бишкек убактысы 10:16

Бирдиктүү салык декларациясын кабыл алуу 1-апрелде аяктайт


Иллюстрациялык сүрөт.

Бул бирдиктүү салык декларациясын берүү мөөнөтүнүн акыркы күнү дем алыш күнгө туш келгенине байланыштуу жылдырылды. Мүлкү жана кирешеси тууралуу декларация тапшыра элек жарандар аны 1-апрелде саат 9дан баштап түн ортосуна чейин, тагыраак айтканда саат 24:00гө чейин тапшыра алышат.

«Азаттыкка» мекеменин басма сөз катчысы Эркин Сазыков маалымдагандай, бирдиктүү салык декларациясын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, жеке ишкерлер, анын ичинде патенттик негизде салык төлөгөндөр, менчигинде кыймылдуу, кыймылсыз мүлкү жана жер участогу (короо-жай участкаларынан башка) бар жеке адамдар, ошондой эле дыйкан жана фермердик чарбалар тапшырууга милдеттүү.

Убагында тапшырылбаган декларация үчүн миң сом айыппул төлөнөт. (ZKo)

XS
SM
MD
LG