Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:35

УКМК: «Жеңиш Разаков - чет элдик тыңчы» деген маалымат калп (видео)


Кыргызстандын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков.
Кыргызстандын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков.

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети «вице-премьер-министр Жеңиш Разаковдун чет элдик атайын кызматтарга тиешеси бар» делген маалыматты текшерип чыгып, ал чындыкка туура келбей турганын билдирди.

«2016-жылдын 6-июлунда интернет-сайттардын биринде В.Откиндин макаласы жарык көргөн. Учурда «e-tadjikistan.org» сайты иштебейт. Ошондой эле аталган сайтка ээлик кылган «Бирдиктүү Тажикстан» оппозициялык уюму ойдон чыгарылганы аныкталды», деп билдирди УКМК.

Ошол эле учурда Кыргызстандын коопсуздук кызматы чет элдик атайын кызматтар өздөрүнө жакпаган саясий жана мамлекеттик аткаминерлерди ушундай жол менен жаманатты кылган ыкманы кеңири колдонорун кошумчалады.

20-мартта Жогорку Кеңеште кыргыз-тажик чек арасындагы жагдай боюнча өкмөттүн отчетун угуу учурунда депутаттар «Жеңиш Разаковдун тажик чалгынына тиешеси бар» деген кептерди иликтөө боюнча демилге көтөрүшкөн. (KR)

XS
SM
MD
LG