Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:29

Анкарада оппозициячыл партия жеңишке жетти


Оппозициячыл Элдик республикалык партиянын жактоочулары. 30-март, 2019-жыл.
Оппозициячыл Элдик республикалык партиянын жактоочулары. 30-март, 2019-жыл.

Түрк маалымат каражаттары оппозициячыл Республикалык элдик партия Анкарада жеңишке жеткенин кабарлашты. Баштапкы жыйынтыкка ылайык, АК партия шайлоочулардын 45% добушун алганы менен баш калаа Анкарада алдыга чыга албай калды. Президент Режеп Тайып Эрдоган Стамбул шаарында да анын партиясы жеңилгенин мойнуна алгандай болду. Бул шаарда оппозициячыл жана бийликтеги партиялар алган добуштардын айырмасы өтө эле аз экени кабарланган.

Эрдоган Анкарадагы жактоочуларына «Стамбулда көпчүлүк райондор бизди колдошту же биз теңме-тең чыктык. Бул эмнени билдирет? Жергиликтүү бийликти колдон чыгарсак да, алар шаардын райондорун АК партияга беришти» - деди.

Президент Эрдоган башкаруучу партия жекшембиде өткөн жергиликтүү шайлоодо «олуттуу айырма» менен алдыга озуп чыкканын жарыялады. «Түркияны тизелеткиси келгендерге сокку болду» - деди түрк президенти.

Эрдоган шайлоонун баштапкы жыйынтыгы белгилүү болгондон кийин маалымат каражаттарына чыгып сүйлөдү.

Шайлоонун алдында Батыш маалымат каражаттары Түркиядагы экономикалык кырдаалдан улам президент Эрдогандын партиясы Анкара менен Стамбулда көзөмөлүн жоготушу мүмкүн деп боолголошкон.

Эрдогандын партиясы 2002-жылдан бери шайлоодо такай жеңип келген.

Учурда Түркияда экономикалык каатчылыктан улам жумушсуздук, инфляция күчөп турган маалы.

Добуш берүү жүрүп жатканда өлкө боюнча төрт киши каза таап, ондогон киши жабыркаганы белгилүү болду.

XS
SM
MD
LG