Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:36

Венесуэла электр энергиясын үнөмдөө режимине өттү


Каракастын эл аралык аэропортундагы жүргүнчүлөр. 25-март, 2019-жыл.
Каракастын эл аралык аэропортундагы жүргүнчүлөр. 25-март, 2019-жыл.

Венесуэланын президенти Николас Мадуро электр энергиясын үнөмдөө максатында мамлекеттик мекемелер алдыдагы 30 күн кыскартылган режимде иштешерин, ал эми мектептер убактылуу жабыларын билдирди.

Мадуронун мындай чечиминен кийин оппозиция лидери, өзүн «утурумдук президент» деп жарыялаган Хуан Гуайдонун тарапташтары баш калаа Каракастын көчөлөрүнө чыгып, электр энергиясы жана таза суу менен камсыз кылуу маселесин тезинен чечүүнү талап кылышты.

Түштүк Америкадагы бул өлкөдө соңку бир ай ичинде экинчи жолу электр жарыгы толук өчтү. Бийлик мунун себебин АКШдан же оппозициячыл күчтөрдүн кибер чабуулунан көрүп, бирок ага эч кандай далил келтире алган жок. Гуайдо өлкөнүн энергетикалык системасы начар башкаруудан жана коррупциядан улам ушундай абалга кептелгенин билдирди.

АКШ баш болгон 50дөн ашуун мамлекет Гуайдону «утурумдук президент» катары таанышкан. Орусия, Кытай жана башка ондогон өлкөлөр Мадурону колдоп, аскердик жана каржылык жардам көрсөтүп келишет.

XS
SM
MD
LG