Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:25

Украинада бюллетендердин 70% жакыны саналды


Украинанын чыгышында добуш берип жаткан аскер. 31-март, 2019-жыл.
Украинанын чыгышында добуш берип жаткан аскер. 31-март, 2019-жыл.

Украинада актер Владимир Зеленский менен өлкөнү соңку беш жылдан бери башкарып келе жаткан Петро Порошенко президенттик шайлоонун экинчи туруна чыгууда.

Бюллетендердин болжол менен 67% саналып бүткөндөн кийинки жыйынтыкка ылайык, Зеленский жалпы добуштардын 30,45%, президент Петро Порошенко андан дээрлик эки эсе аз же 16,22% добуш алды. Ал эми бул шайлоонун дагы бир алдыңкысы болуп саналган, «Батькивщина» партиясынын лидери Юлия Тимошенко көрсөткүчү 13,12% түздү.

Борбордук шайлоо комиссиясы расмий жыйынтыкты 1-апрелде кечке чейин жарыялаганы турат. Ошентсе да 21-апрелде өтө турган экинчи айлампага Зеленский менен Порошенко чыгаары анык болуп калды.

Азырынча үчүнчү орунда келе жаткан Тимошенко шайлоонун толук жыйынтыгын тааный элек. Анын штабы экинчи орунга Порошенко эмес, Тимошенко чыкканын билдирип, өз алдынча санак жүргүзүп жатат.

31-марттагы добуш берүүгө жалпы шайлоочулардын 64% катышты.

Шайлоо маалындагы мыйзам бузууга байланыштуу полицияга 1600дөй арыз түштү. Мыйзамсыз үгүттөө, бюллетендерди добушканадан алып чыгуу аракети, добуш сатып алуу жана башка жыйырмага чукул факты боюнча кылмыш иши козголуп, төрт административдик протокол түзүлдү. Бирок Украинанын Борбордук шайлоо комиссиясы жапырт мыйзам бузуу болбогонун билдирди.

XS
SM
MD
LG