Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:12

Украина: Зеленский алдыга чыкты


Актер, куудул жана Украина президенттигине талапкер Владимир Зеленский өз добушун берип жатат. Киев. 31-март, 2019-жыл.
Актер, куудул жана Украина президенттигине талапкер Владимир Зеленский өз добушун берип жатат. Киев. 31-март, 2019-жыл.

Украинадагы президенттик шайлоодо куудул Владимир Зеленский алдыга чыгууда.

Украинада "Евромайдан" окуяларынан бери экинчи жолу өткөн президенттик шайлоодо бир да талапкер 50 пайыздан көп добуш топтой алган жок.

Ошентсе да шайлоо алдындагы сурамжылоолор ырасталып, куудул, актер Владимир Зеленский алдыга суурулуп чыкты. Бирдиктүү улуттук экзит-поллдун жыйынтыгына ылайык, Зеленский жалпы добуштардын 30,4 пайызын алды.

Соңку беш жылда президенттик кызматты аркалаган Петро Порошенко добуштардын 17,8 пайызын топтоп, экинчи орунга чыкты. Ал эми бул шайлоонун дагы бир фаворити саналган, “Батькивщина” партиясынын лидери Юлия Тимошенко 14,2 пайыздай гана добуш топтоду.

Бирдиктүү улуттук экзит-поллдон тышкары башка бир нече сурамжылоолор да ушуга окшош эле жыйынтыкты көрсөтүп жатат. Болгону “Батькивщина” партиясынын талапкеринин штабынын экзит-поллу экинчи орунга Юлия Тимошенко чыкканын көрсөтүүдө.

Алдын ала жыйынтыктар жарыялангандан көп өтпөй талапкер Зеленский өзүнө добуш берген шайлоочуларга жана командасына ыраазычылыгын билдирди.

- Бүгүн коррупциясыз жаңы жашоо башталууда, - деди Зеленский.

Алгачкы экзит-поллдун жыйынтыгы.
Алгачкы экзит-поллдун жыйынтыгы.

Президент Порошенко жекшембидеги добуш берүү тынч маанайда өткөнүн, бул жолку шайлоо өнөктүгүндө бардык талапкерлерге бирдей шарт түзүлгөнүн, мындай шайлоо жараянын уюштуруу менен Украина чоң сыноодон ийгиликтүү өткөнүн айтты.

Талапкер Тимошенко экзит-поллдор болжолдуу гана жыйынтык экенин эске салып, шайлоо штабы өзүнчө санак жүргүзүп жатканын билдирди.

Бул жолку президенттик шайлоого рекорддук сандагы талапкерлер же 39 киши ат салышты. Шайлоонун расмий жыйындыгы 10-апрелге чейин жарыяланышы керек. Топтогон добуштары боюнча биринчи жана экинчи орунду алган талапкерлер 21-апрелде экинчи турга катышат. Анын жыйынтыгы 1-майга чейин белгилүү болот. Украинада президент беш жылга шайланат.

Шайлоодогу мыйзам бузуулар

31-марттагы добуш берүү учурундагы мыйзам бузууларга байланыштуу Улуттук полицияга 1600дөй арыз түштү. Мыйзамсыз үгүттөө, бюллетендерди добушканадан алып чыгуу аракети, добуш сатып алуу жана башка жыйырмага чукул окуя боюнча кылмыш иши козголуп, төрт административдик протокол түзүлдү.

Киевдеги добуш берүү, 31-март 2019-жыл.
Киевдеги добуш берүү, 31-март 2019-жыл.

Барынан көп мыйзам бузуулар Одесса жана Днепропетровск облустарында катталды. Борбордук шайлоо комиссиясынын баш катчысы Наталья Бернацкая жапырт мыйзам бузуу болбогонун билдирди.

Шайлоочулар бул жолку добуш берүүнүн мааниси боюнча ар кандай пикирлерин билдирип жатышты. Алардын бири 36 жаштагы Ярослав Жулий бийликти алмаштырып туруу зарыл деп эсептейт.

"Бизге бийликтин алмашып турганы пайдалуу. Анткени көп жыл бийликте отурган адам да диктаторго айланып кетиши мүмкүн. Бийлик адамды өзгөртөт эмеспи".

Шайлоого 19 эл аралык уюмдан жана 17 мамлекеттен келген 2344 байкоочу көз салды. Шайлоого рекорддук сандагы талапкерлер катышкандыктан бюлеттендин узундугу 80 сантиметрден ашты. Өлкө аймагында 30 миңден ашуун шайлоо бекети ачылды. Техникалык себептерден улам Одессадагы добушканалардын бири иштебей калды.

Шайлоо Орусия аннексиялап алган Крым жарым аралында жана орусиячыл козголоңчулардын карамагындагы Донецк жана Луганск облустарында дээрлик өткөрүлгөн жок.

Шайлоо бекеттериндеги коопсуздукту 39 миңдей полиция кызматкерлери камсыздашты. Эл аралык республикалык институттун президенти Ден Твининг добуш берүү тынч өткөнүн билдирди:

- Украина бийлиги шайлоону ийгиликтүү өткөргөнгө аракет кылып жатат. Кандай болорун көрөбүз. Биз Орусия шайлоонун жүрүшүнө кийлигишүүгө аракет кылганын билебиз, биз ар кандай экстремисттик топтордон коркутуулар болгонун билебиз. Биз көз салып, бул эч кандай зомбулуксуз, таза жана эркин процесс болоруна үмүттөнөбүз.

Фаворит талапкерлердин маалымат жыйындарын күткөн журналисттерди шайлоо штабдарында ар кандай тамак-аштар менен камсыздап жатышты. Социалдык тармактарга жарыяланган сүрөттөргө караганда, куудул, актер Владимир Зеленскийдин штабында дасторкон төгүлүп-чачылып турду. Журналисттерге ысык шорпо, колбаса, жумуртка жана таттуунун түрү сунушталды. Порошенконун штабында токочтун түрлөрү менен коноктошсо, баарынан жөнөкөй дасторкон Тимошенконун штабында болду. Ал жакта маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнө таттуу токоч же печенье гана таркатылды.

Зеленскийдин табышмактуу ийгилиги

Шайлоодо алдыга чыккан 40 жаштагы актер, куудул Владимир Зеленский «95-квартал» деп аталган стендаптын негиздөөчүсү жана башка бир катар телесериалдардын продюсери катары белгилүү. Ал "Эл кызматчысы" же "Слуга народа" сериалында катардагы мугалимден президенттикке чейин жеткен башкы каармандын образын жаратып келет.

Атасы, техника илимдеринин доктору, Александр Зеленскийдин ишине байланыштуу анын балалыгы Монголиянын Эрденет шаарында өткөн. Ал мектептин биринчи классын аяктаганда гана үй-бүлөсү менен Украинага көчүп барышкан.

Зеленский мектептин жогорку класстарында окуп жүргөндө эле маданий иш-чаралардын баарына катышып, жергиликтүү КВН командаларда ойноп келген. Чыгармачылыгын университетте да уланткан. Ал Киев Улуттук экономика университетинин юридикалык факультетин аяктаган. 1998-жылы достору менен бирге "95-квартал" деген студия жана ушундай эле аталыштагы КВН команда түзүшкөн. Аталган команданын курамында алар КВНдин Жогорку Лигасынын жарым финалына чейин жетишкен. Зеленский Орусияда бир катар телешоуларды да алып барган.

Көптөр Зеленскийдин артында президент Петро Порошенконун каршылашы, олигарх Игорь Коломойский турат деп эсептешет. Коломойский "Эл кызматчысы" сериалын көрсөткөн "1+1" телеканалынын ээси. Бирок олигарх да, Зеленский өзү да мындай дооматтарды четке кагышууда.

Жакында эле "Эркин Европа/Азаттык" радиосу жүргүзгөн иликтөөдө Зеленский Орусиядагы ишмердүүлүгүн 2014-жылы эле токтотконун ырастаганына карабастан, ушул күнгө чейин орусиялык үч кино жана телекомпания менен кызматташарын аныктаган. Шайлоого саналуу күн калганда журналисттер анын декларацияда көрсөтүлбөгөн, дээрлик 4 миллион долларга бааланган Италиядагы вилласын таап чыгышкан.

Шоколад бизнесинен президенттикке жеткен Порошенко

Петро Порошенко Киевде добуш бергенден кийин, 31-март 2019-жыл.
Петро Порошенко Киевде добуш бергенден кийин, 31-март 2019-жыл.

Украинадагы эң бай адамдардын бири деп мүнөздөлгөн 53 жаштагы Петро Порошенко өзүнүн карьерасын шоколад индустриясынан баштаган. Ал 1990-жылдары атасы менен бирге "Рошен" аттуу кондитердик компаниясын түзүп чыгып, бара-бара миллиарддерге айланган. Порошенко тышкы иштер министри сыяктуу жогорку кызматтарды аркалаган.

Ал Украинадагы эки ири элдик толкундоого тең катышкан. Порошенконун "Бешинчи канал" аттуу телеканалы 2013-2014-жылдары мурдагы президент Виктор Януковичтин Орусияга качып кетишине жол ачкан "Евромайдан" окуяларын түз алып көрсөткөн.

2014-жылдын май айында өткөн президенттик шайлоодо добуштардын 54 пайыздан көбүн алып, президент болуп шайланган.

Анын президенттик мөөнөтү маалында Украина Евробиримдик менен ассоциациялык келишимге кол койду. Украин жарандары үчүн Шенген аймагына визасыз кирүүгө жол ачылды.

Эл аралык валюта фондунун 2019-жылдын январь айындагы баяндамасында украин экономикасы үч-төрт жыл мурунку кризистен чыкканы, учурда турукташып калганы айтылат. Бирок сынчылар Порошенконун өлкө ичиндеги коррупцияга каршы натыйжалуу күрөшө албаганын сынга алып, беш жыл ичинде анын байлыгы көбөйгөнүн айтып келишет.

Порошенко өзүнүн декларациясында 104 компанияга ээлик кылаарын көрсөткөн. 2016-жылы "Азаттыктын" украин кызматынын журналисттери Порошенконун декларацияда көрсөтүлбөгөн Испаниядагы 4,3 миллион доллардык вилласын таап чыгышкан.

Порошенконун президенттиги Орусияны сындаган риторика менен коштолду. Өлкөнүн чыгышында орусиячыл жикчилдер менен жаңжал чечилген жок. Соңку маалыматтар боюнча, беш жыл ичинде Донбасстагы куралдуу кармаштардан 13 миңден ашуун адамдын өмүрү кыйылды.

Өткөн жылдын соңунда Украинада Москва патриархатына баш ийбеген бирдиктүү украин православ чиркөөсү түптөлдү. Порошенко муну "Путинсиз чиркөө" деп атаган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG