Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:02

Укук коргоочу Александр Паленый Казакстанда соттолгонун ырастады


Укук коргоочу Александр Паленый (ортодо).
Укук коргоочу Александр Паленый (ортодо).

Укук коргоочу Александр Паленый буга чейин бир нече ирет Казакстанда кылмыш жоопкерчилигине тартылганын «Азаттыктагы» маегинде ырастады:

- Мен Казакстанда мыйзамды бузган погончон адамдарды тасмага тартканым үчүн соттолгом. Мага милиция кызматкерлери катуу «таарынып», мени СИЗОдо (убактылуу кармоочу жайда) бир жарым айдай кармашкан. Кийин сот мени айыппул төлөөгө милдеттендирген.

Александр Паленый Кыргызстандын жараны экенин жана Казакстанда Бириккен Улуттар Уюмунун түзүмдөрүндө иштегенин айтты.

Александр Паленый Путинге каршы чыккан активист Нурлан Карымшаковдун сотуна келип, ага колдоо көрсөткөн. Анда социалдык тармактагылардын колдонуучулары анын Казакстанда кылмыш жообуна тартылганын жазып чыгышкан. (KR)

XS
SM
MD
LG