Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:40

Эксперт энергетика тармагы жеке менчикке өтүп кеткенин айтты


Токтогул ГЭСи. Иллюстрациялык сүрөт.
Токтогул ГЭСи. Иллюстрациялык сүрөт.

Энергетика жаатындагы эксперт Расул Умбеталиев Токтогул ГЭСи баш болгон бардык ири, чакан ГЭСтер, ЖЭБдер, жалпы эле энергетика тармагы 2016-жылы «Улуттук энергохолдингдин» карамагына өтүп кеткенин айтууда. Эксперттин «Азаттыкка» билдиргени боюнча, «Улуттук энергохолдинг» - жеке башкаруудагы ишкана, учурда бул ишкана Кыргызстандын энергетика тармагынын 80% ашуун акциясына ээлик кылат.

- Бул тууралуу мага бир ай мурда белгилүү болду. 2016-жылы Жогорку Кеңеш, Мамлекеттик мүлк фонду жана аталган холдинг үчөө келишим түзүп, анда энергетикалык ишканалардын мамлекетке тиешелүү акциялары «Улуттук энергохолдингге» сатылып кеткен. Бул ишканалар стратегиялык ишканалар, алар менчикке сатылбашы керек, - деди ал.

Расул Умбеталиев бул маселе боюнча 2-апрелде басма сөз жыйынын өткөрүп, андан кийин президентке кайрыларын кошумчалады. Эксперт мамлекет башчысынан 2016-жылы 29-июнда парламент кабыл алган токтомду жокко чыгарууну жана «Улуттук энергохолдингди» жоюп, анын менчигине өтүп кеткен энергетикалык ишканалардын баарын мамлекетке кайтарууну суранмакчы.

«Улуттук энергохолдинг» ишканасынын басма сөз катчысы Азамат Курамаевдин «Азаттыкка» билдиргени боюнча, аталган холдингдин 100% акциясына мамлекет ээлик кылат. Анын сөзү боюнча, Токтогул ГЭСи баштаган бардык ГЭСтер, энергетикалык ишканалардын 100% акциясы мурунтан эле Мамлекеттик мүлк фондунун карамагында болгон. 2016-жылы «Улуттук энергохолдинг» түзүлгөн учурда Маммүлк фонду алардын 80% акциясын холдингге өткөрүп берген. (ZKo)

XS
SM
MD
LG