Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:20

Жээнбеков апрель окуяларынын катышуучулары менен жолукту


Президент Сооронбай Жээнбеков «апрелчилер» менен жолукту.
Президент Сооронбай Жээнбеков «апрелчилер» менен жолукту.

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 2-апрелде коомдук уюмдардын өкүлдөрү, 2010-жылдагы апрель окуяларына катышкандар, жабыр тарткандардын жана курман болгондордун туугандары менен жолугушту.

Мамлекет башчысы 2010-жылдагы апрель окуялары элдин үй-бүлөлүк башкарууга каршы күрөштөгү майтарылбас эркин, өлкөнүн жаркын келечеги үчүн өмүрүн курмандыкка чалууга даяр экенин көрсөткөн тарыхый окуя экенин белгиледи.

- Кайгылуу окуялардын учурунда курман болгондордун ысымдарын жана жаркын элестерин түбөлүккө калтыруу максатында 2020-жылы «Элдик апрель ыңкылабынын 10 жылдык мааракесин өткөрүү жөнүндө» тийиштүү жарлык даярдалууда. Уюштуруу комитети түзүлүп, даярдык иштери башталат, - деди Сооронбай Жээнбеков.

Жолугушуунун катышуучулары бул сыяктуу окуялар Кыргызстанда экинчи кайталанбашы, өлкөгө тынчтык, туруктуулук жана ынтымак керек экенин белгилешти.

​2010-жылы апрелде Талас, Нарын шаарларында эл бийликтин башкаруу режимине каршы чыккан. Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин бийлиги 6-апрелде бир нече оппозициялык саясатчыны камакка алган. Аларды бошотууну талап кылган эл 7-апрель күнү Бакиевдин үй-бүлөлүк башкаруу режимин кулаткан. Бийлик куралсыз элге ок атып, 87 киши мерт болгон. Жүздөн ашуун адам түрдүү жараат алган. Көп өтпөй Курманбек Бакиев үй-бүлөсү менен Беларуска качкан. (KR)

XS
SM
MD
LG