Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:19

Казакстанда сот журналист Глушкованы 25 миң теңге айыпка жыкты


Журналист Светлана Глушкова Нур-Султан шаарындагы сот имаратынын алдында. 1-апрель, 2019-жыл.
Журналист Светлана Глушкова Нур-Султан шаарындагы сот имаратынын алдында. 1-апрель, 2019-жыл.

Нур-Султандагы административдик сот «Настоящее Время» телеканалынын кабарчысы Светлана Глушковага «Уруп-согуу» беренеси боюнча кине коюп, 25 миң теңге (66 доллар) айыппул салды. Укук коргоочулар соттун мындай чечимин «бийликтин журналисттин ишине тоскоолдук кылуу аракети» деп баалашты.

Полициянын билдирүүсүнө караганда, журналист 21-22-март күндөрү казак баш калаасынын аталышын өзгөртүүгө каршы чыккандардын митингин чагылдырып жатып көчөдөгү кызды түртүп жиберген. Ал кыз полицияга арыз жазган. Сот журналистке каршы кылмыш ишинин козголушун «мыйзамдуу» деп тааныды.

Глушкова өзүнө тагылган айыпты «саясий жүйөсү бар» деп четке кагып, бийликтин аракетин «кесиптик ишине тоскоолдук кылуу» деп баалаган.

Глушкованы колдоп сотко маалымат каражаттарынын ондогон өкүлдөрү жана активисттер чогулушту. Бирок судья Асия Дощанова процессти түз чагылдырууга тыюу салды. Шейшембдеги сот процессине журналист жана анын адвокаты катышкан жок.

22-мартта Глушкованы полиция кармап кетип, беш сааттан кийин коё берген. Ал эми 31-мартта аны күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү аэропорттон кармап, төрт сааттан кийин гана сотко чакыруу кагазын тапшырышкан.

XS
SM
MD
LG