Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 14:58

«Атамбаевсиз КСДП»: партиянын курултайына Атамбаев да чакырылды


КСДП партиясынын жана Кыргызстандын желеги.

Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) бүткүл республикалык курултайы эртең, 3-апрелде Кыргыз драма театрында өтөт. Ага чакырылган 300 делегаттын ичинде экс-президент Алмазбек Атамбаев да бар. Бул тууралуу «Азаттыкка» «Атамбаевсиз КСДП» кыймылынын өкүлү Сагынбек Абдрахманов билдирди:

- Атамбаев партиянын лидери катары милдеттүү түрдө болушу керек. Ага чакыруу кагазы берилген. Күн тартибинде Алмазбек Шаршеновичтин төрага катары отчетун угуу, аны талкуулоо турат. Экинчиден уставга өзгөртүү киргизүү жана саясий кеңештин мүчөлөрүн кайрадан шайлоо маселелери турат. Атамбаев «мен КСДПнын төрагасымын» деп жатпайбы. Төрагасы болсо келип отчетун берсин. Биз бир эле партиябыз.

Сагынбек Абдрахманов башында турган «Атамбаевсиз КСДП» деген жыйынын уюштуруп келаткан топ 29-мартта Ошто конференция уюштурган. Абдрахманов 3-апрелде КСДПнын кезексиз XVIII съезди болорун жана ал «КСДП тазалануу жана жаңылануу жолунда» деген ураан менен өтөрүн жарыялаган.

Марттын башында парламенттеги КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов КСДПнын XVIII курултайы 3-апрелде өтөрүн билдирген. (KR)

Пикирлерди көрүңүз (59)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG