Кытай тараптын демилгеси менен Кытай Эл Республикасында
Маркумдарды эскерүү күнүнө байланыштуу мамлекеттик чек аранын
кыргыз-кытай тилкесиндеги «Торугарт-автожол» жана «Эркечтам-автожол»
өткөрүү жайлары 2019-жылдын 5-апрелинен 7-апрелине чейин убактылуу
жабылат. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы кабарлады.
Мамлекеттик чек аранын кыргыз-кытай тилкесиндеги өткөрүү
жайларында жарандарды, автоунаа каражаттарын жана жүк өткөрүү 8-апрелде кайра жанданат. (KR)