Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:31

Санкт-Петербургда аскердик академияда жарылуу болду


А.Ф. Можайский атындагы аскердик-космостук академия.
А.Ф. Можайский атындагы аскердик-космостук академия.

Санкт-Петербургдагы А.Ф. Можайский атындагы аскердик-космостук академияда жарылуу болуп, үч киши жарадар экени кабарланды. Бул тууралуу орус маалымат каражаттары Орусиянын Коргоо министрлигинен алынган маалыматка таянып жазып чыгышты.

2-апрелде Можайский академиясында түшкү саат 1:30да жабдыктар сакталган жерде белгисиз нерсе жарылган. Андан жарадар болгон үч киши медициналык жардам алып, алардын өмүрү коопсуз экени кабарланды.

«РИА Новости» агенттиги өз булактарына таянып, жарылуу экинчи кабаттагы бөлмөдө болгонун жазды. Имараттагы тепкич бузулгандыктан 20 киши тышка чыга албай калган.

«Интерфакс» маалымат агенттиги жарылуудан академиянын кадеттери жабыр тартканын «Тез жардам» кызматкерине шилтеме берип жазды.

Алгачкы маалыматта төрт киши жабыркаганы айтылган эле.

XS
SM
MD
LG