Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:38

Орусияда жүргөн өзбекстандык качкын мекенине кайтып келди


Аброр Хидиров.
Аброр Хидиров.

Өзбекстанда издөөгө алынган жана Европа сотунун коргоосундагы качкын 1-апрелде өз каалоосу менен мекенине кайтып келди. Аны Карши шаарындагы аэропортто милиция кызматкерлери камакка алышты.

Навои шаарынын тургуну Аброр Хидиров диний экстремисттик уюмду түзүү жана мамлекеттик чек арадан мыйзамыз өтүү боюнча айыпталып, эл аралык издөөгө алынган.

Ал Москванын Сахарово айлындагы Депортация борборунда жүрүп, мекенине кайтарын, өкмөттүн жаңы убадаларына жана адилеттүү сот жараянына ишеним артарын билдирген. Мурда Страсбургдагы сот аны Өзбекстанга депортациялоого тыюу салган.

- Негизсиз айыптар менен мага 2013-жылы издөө жарыялашты. Ошондон бери Өзбекстанга бара албай жүрөм. Мен эми кайтам, балдарымды тарбиялашым керек. Мен кайсы бир диний агымдын мүчөсү эмесмин. Башкалар сыяктуу эле Орусияга иштегени келгем. 2017-жылдан бери абакта, акыркы жети айдан бери Сахароводогу Депортация борборунда отурам, - деген Хидиров.

Аброр Хидировдун айтымында, Навои облусунун кылмыш иштерин тергөө бөлүмүнүн кызматкерлери Өзбекстанда абал өзгөргөнүн, ал өлкөсүнө келсе тоскоолдуктар жаралбай турганын билдиришкен.

2017-жылы Москвада полиция Хидировду токтотуп, аты-жөнүн тактаган соң кармалганын, себеби ал издөөдө жүргөнүн кабарлаган.

Хидировду «Жарандык жардам» уюму өз камкордугуна алган. Анын адвокаттары Адам укуктары боюнча Европа сотуна кайрылып, Хидировду Өзбекстанга өткөрүп бербөө боюнча чечим кабыл алууну сурашкан.

XS
SM
MD
LG