Узартылган тилкеге 1-апрель күнү алгачкы учак келип конгон. Мындан ары Ош аэропортуна «Boeing 767-300», «Boeing 737-800», «Airbus A320» сыяктуу ири учактар консо болот. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы маалымдады.
Тилкелер аэропортту реконструкциялоо иштеринин 3-баскычынын алкагында узартылган. Тилкенин узундугуна 400 метр кошулуп, натыйжада анын жалпы узундугу 3212 метрди түздү.
Ош эл аралык аба майданы - Кыргызстандагы экинчи чоң аэропорт, анын имараты 1974-жылы курулган. Ал «Манас» эл аралык аэропортунун филиалы болуп саналат. Жылына 9 миңдей каттамды, бир миллиондон ашык жүргүнчүнү тейлейт. (MdN)