Бүгүн Свердлов райондук сотунда Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоодогу коррупция боюнча соттук териштирүү башталып, бирок соттолуучу Айбек Калиевдин адвокаттары келбей калгандыгына байланыштуу сот 10-апрелге жылдырылды.
Бишкек ЖЭБин жаңылоодогу коррупция боюнча кылмыш ишин кароо Бишкектин Свердлов райондук сотунда 18-февралда башталган. Соттук жыйын жабык өткөн. Адвокаттардын «отурум ачык болсун» деген өтүнүчү четке кагылган.
Бишкек ЖЭБин модернизациялоодогу коррупция боюнча сегиз адамга айып коюлган. Алардын арасында мурдагы премьер-министрлер Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, мурунку энергетика министри Осмонбек Артыкбаев баш болгон экс-жетекчилер бар.
КСДП Бишкек ЖЭБине байланыштуу козголгон кылмыш ишин жана ал үчүн айрым жетекчилердин камакка алынышын саясий негизде деп эсептейт. (KR)