Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:55

Жээнбеков Түркиянын президенти менен телефон аркылуу сүйлөштү


Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков жана Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган.
Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков жана Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган.

Кечээ, 2-апрелде Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков телефон аркылуу түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган менен сүйлөштү. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады.

Сооронбай Жээнбеков Режеп Тайып Эрдоганды Түркиядагы муниципалдык шайлоонун ийгиликтүү өтүшү, Адилеттик жана өнүгүү партиясынын жеңиши менен куттуктады.

Буга чейин бир нече чоң шаарда, анын ичинде баш калаа Анкарада жеңилип калганына карабай түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган анын партиясы муниципалдык шайлоодо утканын билдирген.

Эрдогандын партиясы 2002-жылдан бери шайлоодо такай жеңип келген.

Учурда Түркияда экономикалык каатчылыктан улам жумушсуздук, инфляция күчөп турган кези.

Добуш берүү жүрүп жатканда өлкө боюнча төрт киши каза таап, ондогон киши жабыркаганы белгилүү болду. (KR)

XS
SM
MD
LG