Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина фракциялашы Асылбек Жээнбековдун мурдагы президент Алмазбек Атамбаев тууралуу айткандарын сындап чыкты.
Ал «чек ара коопсуздугу тууралуу маселе курч болуп турган чакта» парламенттин трибунасынан ушундай билдирүү жасоо туура эмес болгонун айтып, «бүгүн «Атамбаевсиз КСДПнын» съезди өтүп жатат, билдирүүнү ошол жактан барып жасасаңар болмок» деди.
Ошону менен катар Карамушкина: «Атамбаев менен чогуу иштегенсиңер. Унчуккан эмессиңер. Жылмайып, кучакташып, кол алышчусуңар. Ошондо бетине айтканга эмнеге жараган жоксуңар?» деди.
Асылбек Жээнбеков бүгүн Жогорку Кеңештин жалпы жыйыны учурунда борбордук трибунадан сөз алып, «КСДПга эмгеги сиңгендер четке сүрүлүп, бир адамдын диктатурасы орноп калды» деди жана партиядан чыгып жатканын расмий айтты. Бирок депутаттык ишмердүүлүгүн уланта берерин билдирди. (RK)