Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:55

Кыргызстан ЕАЭБдеги комиссия мүчөлөрүн Бишкекке чакыртышы мүмкүн


Кыргыз-казак чек арасындагы жүк ташуучу автоунаалар.
Кыргыз-казак чек арасындагы жүк ташуучу автоунаалар.

Кыргызстандын Экономика министрлиги өкмөткө Евразия экономикалык комиссиясынын коллегия мүчөлөрүн (министрлерин) кыргыз-казак чек арасындагы кырдаал боюнча консультация өткөрүү үчүн чакыртууну сунуш кылды. Бул тууралуу министрлик расмий билдирүү таратты.

Билдирүүдө «Кыргыз Республикасы түзүлгөн кырдаалга байланыштуу, казак тарап көргөн кошумча көзөмөл чаралары Евразия Экономикалык Биримдигинин (ЕАЭБ) укуктук ченемдерин бузуу болуп саналат жана товарларды жүгүртүү эркиндигин – ЕЭАБдин бирдиктүү рыногунун негизги иштөө принциптерин чектейт деп эсептейт» деп жазылган.

Казакстандын Финансы министрлигинин Мамлекеттик киреше комитетинин маалыматы боюнча чек арада төмөнкү документтерди текшерүү жана сканерлөө жүргүзүлүүдө:

- CMR (эл аралык товардык-транспорттук коштомо кагаз);

- ТТКК (товардык-транспорттук коштомо кагаз);

- Инвойс же эсеп-фактура;

- Автоунаа каражатынын техникалык паспорту;

- Чек арадан өтүү талону.

Министрлик мындай аракеттер көмүскө бажы көзөмөлүн жүргүзүү болуп саналарын, бул экономикалык биримдиктин ченемдерине каршы келерин билдирди. Мекеме бул ЕАЭБ жөнүндө келишимдин 25-беренесинин ЕЭАБдин ички рыногунда товарлардын эркин кыймылын камсыздоо боюнча бөлүгүндөгү жобосун бузарын эске салды.

Кыргызстан менен Казакстандын чек арасындагы жүк ташуучу автоунаалардын тыгыны 19-мартта башталган. (KR)

XS
SM
MD
LG