Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:59

Жогорку Кеңеш өкмөткө чек арадагы маселелерди чечүүнү тапшырды


Кыргыз-тажик чек арасы. 15-март, 2019-жыл.
Кыргыз-тажик чек арасы. 15-март, 2019-жыл.

Парламент 13-14-март күндөрү кыргыз-тажик чек арасында болуп өткөн чырдан улам пайда болгон кырдаалды бүгүн жабык карап, өкмөттүн маалыматын укту. Отурумга өкмөт башчы Мухамметкалый Абылгазиев баштаган бир катар чек арага тиешеси бар жетекчилер, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.

Жыйында депутаттар Карамат Орозова менен Таабалды Тиллаев чек арадагы элдин маселелерин чечүүнү талап кылышкан. Алар чек арадагы айылдарга 1-категориядагы чек ара макамын берүү, коңшу өлкөлөрго кирип-чыгуучу бекеттерди оӊдоп-түзөө, андагы аскерлердин санын көбөйтүү, Ак-Сай айыл аймагында өзүнчө милиция бөлүмүн түзүү, Ак-Сай, Ак-Татыр айылдарына ФАП ачуу, Самаркандек, Паскы-Арык айылдарын сугат суу менен камсыз кылуу үчүн суу каналдарын куруу зарыл экенин айтышты. Мындан тышкары, сөз болуп жаткан депутаттар айыл тургундарын иш менен камсыз кылуу, жеӊилдетилген насыя берүү жана турак жайлардын документтерин тактап бүтүрүү маселелерин белгилешти.

Аягында депутаттар чек ара маселеси боюнча токтом кабыл алып, анда кыргыз-тажик чек арасындагы социалдык жана башка маселелерди чечүүнү өкмөткө тапшырышты. Жогорку Кеңештин басма сөз катчысы Ибраим Нуракун уулунун «Азаттыкка» билдиргени боюнча, токтомдун жалпы мазмуну ачыкка чыгарылбайт.

13-14-мартта Кыргызстандын Ак-Сай жана Тажикстандын Мехнатабад айылдарынын тургундарынын ортосунда чатак чыккан. Анын натыйжасында бир нече адам жабыр тарткан. Тажикстандын Чек ара кызматы жаңжалда эки тажик жараны окко учканын, бир нече адам жабыркаганын кабарлады. Ал эми кыргыз тараптан үч адамга ок тийген.

Жаңжалдан кийин тажик жарандары Ош-Баткен-Исфана жолун, ал эми кыргызстандыктар Тажикстандын Исфара району менен Ворух анклавына кеткен жолду жаап салышкан.

Чырдын чыгышына Ак-Сай-Тамдык жолунун курулушу себеп болгону айтылган. Эки өлкөнүн расмий өкүлдөрүнүн сүйлөшүүлөрүнөн соң, 18-мартта жабык турган бардык жолдорду ачуу жана Ак-Сай-Тамдык жолун куруу жөнүндө чечим кабыл алынган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG