Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:25

АКШда демократтар президент Трамптын декларациясын көрсөтүүнү талап кылышты


Дональд Трамп.
Дональд Трамп.

АКШда демократтар президент Трамптын акыркы алты жылдагы салык декларациясын көрсөтүүнү талап кылышты.

Конгресстин Өкүлдөр Палатасынын киреше жана чыгаша комитетинин төрагасы Ричард Нил АКШнын ички кирешелер кызматына кат жазып, президент Трамптын салык декларациясын көрсөтүүнү талап кылды. Бул тууралуу Си-Эн-Эн телеканалы жазды.

Конгрессмен Трамп менен байланышы бар сегиз компаниянын салыктарына да кызыккан. Демократ Ички кирешелер кызматы өзүнүн ишин тиешелүү деңгээлде аткарып жатканына кызыгып, маалыматтарды 10-апрелге чейин алып келүүнү талап кылды.

Президент Трамп салык декларациясын көрсөтүүнү каалабай турганын шаршембиде билдирди. Ал өзүнө тиешелүү компаниялардын салыгын тиешелүү кызматтар көзөмөлдөп жатканын белгиледи.

2016-жылы президенттик шайлоонун алдында талапкер Трамп өзүнүн салык декларацияларын жарыялай турганын айткан. Бирок аны аткарган эмес. Ал кезде Трамп муну бизнеси боюнча текшерүү жүрүп жатканы менен байланыштырган. Ал эми 2017-жылы майда интервью берип жатып, салык декларациясын президенттиктен кеткенден кийин жарыялай турганын айткан.

XS
SM
MD
LG