Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:33

Боом капчыгайында жол кыймылына убактылуу чектөө киргизилет


Боом капчыгайы.
Боом капчыгайы.

Бишкек-Нарын-Торугарт автожолундагы Боом капчыгайы (132-чакырымында) 5-апрелден 12-апрелге чейин саат 9:00дөн 15:00гө чейин маал-маалы менен жабылып турат.

«Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматы кабарлагандай, бул аталган автожолдогу таштарды кулатуу иштерине байланыштуу.

Бул иштер поезд жана автожол каттамдарынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында жасалып жатат. Жолдо 30-40 автоунаа чогулуп калса таштарды кулатуу иштери токтотулуп, машинелер өткөрүлөт. (BTo)

 

XS
SM
MD
LG