Жогорку Кеңештин депутаты Жунус уулу Адыл Балыкчы шаарында автоунаа жолунун курулушу бир жылдан бери жүрбөй жатканы үчүн куруучу компанияны айыптап жатат.
Бүгүн ал парламенттин жалпы жыйынында сүйлөп жатып «Лоң Хай» ишканасына байланыштуу прокуратура органдарына кайрылууну сунуш кылды:
- Протоколдук тапшырма берип, «Лоң Хай» боюнча прокуратурага кайрылсаңыздар. Эмне үчүн мындай кыянаттык кылып жатышат? Акчасын алышты, жолду салбайт. Керек болсо ал компания менен контрактты бузуп, жергиликтүү куруучуларга берсек, ошол акчага жолду эбак салып коймок.
Ысык-Көлдүн боюндагы Балыкчы–Корумду жолунун курулушу – өлкө өз бюджетинен каржылап жаткан алгачкы ири долбоор. Ал 2015-жылы башталган жана 2017-жылы декабрь айында пайдаланууга берилмек.
Жолду куруу укугу 2015-жылы төрт компания катышкан тендерден кийин кытайлык «Лоң Хай» ишканасына тийген. Бирок анын дарегине «лицензиясы жана жол куруу тажрыйбасы жок, тендер мыйзамсыз өттү» деген сын айтылып, ошол кездеги өкмөт башчы Темир Сариев менен транспорт министри Аргынбек Малабаевдин бири-бирин айыптаган тирешине алып келген. Бул окуя экөөнүн тең кызматтан кетишине себеп болгон. (RK)