Президент Сооронбай Жээнбеков Бишкектеги перинаталдык борбордон төрөлгөн төрт эм ымыркайдын ата-энесине турак жай алыш үчүн 2 млн. сомго сертификат жана эки орундуу эки коляска берди. Мындан тышкары, бул үй-бүлөгө өкмөт 150 миң сом берди.
Бөбөктөр 31-32 жумалык болуп, биринчиси (кыз) 1 кг 470 г салмакта, экинчиси (кыз) 1 кг 400 г, үчүнчүсү (эркек) 1 кг 705 г салмакта, төртүнчүсү (кыз) 1 кг 420 г болуп төрөлгөн.
Ымыркайлар биринчи 10 күндө туруктуу оор абалда болгондуктан, атайын респиратордук аппараттын жардамы менен дем алышып жатышкан. Ымыркайларга тийиштүү медициналык кызмат көрсөтүлүп, дарыгерлердин үзгүлтүксүз кароосунда болушкан.
2019-жылдын 25-февралында Бишкек шаардык перинаталдык борборунда Азамат Сманов менен Рысмат кызы Нурайымдын үй-бүлөсүндө ай-күнүнө жетпей 4 эм (3 кыз, 1 уул) жарыкка келген. Жубайлар үч жылдан бери Бишкек шаарында батирде жашап келишкен. (BTo)