Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:54

Отунбаева: Жээнбеков Текебаевдин маселесин «менчиктештирип» алды


Өмүрбек Текебаев жана Сооронбай Жээнбеков.
Өмүрбек Текебаев жана Сооронбай Жээнбеков.

Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбековдун камактагы саясатчы Өмүрбек Текебаевге карата позициясын түшүнө албай жатканын айтты.

«Азаттыктын» суроосуна жооп берип жатып ал Текебаевге ырайым берүү тууралуу өтүнүчүнө алган жообун эстеди:

- Жооптун баары формалдуу болду. Мунапыс берген комиссиянын башчысы «Бул азыр каралбайт» деп койду. Мен бул позиция боюнча президентти такыр түшүнбөй койдум. Текебаевдин камакта отурганын азыр өзүнө «менчиктештирип» алды. Атамбаевге да азыр доомат кое албайбыз. Жээнбеков өзү 1,5 жылдан бери кармап отурат. Кыргызстанда «мен саясатчымын» дегендердин баары «бул мыйзамсыз, далилсиз болчу» деп айтып чыгышты.

«Ата Мекен» партиясынын лидери, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы жана депутаты Өмүрбек Текебаев менен анын партиялашы, ӨКМдин мурдагы башчысы Дүйшөнкул Чотонов орусиялык жаран Леонид Маевскийдин көрсөтмөсүнүн негизинде «Коррупция» беренеси менен айыпталып, 2017-жылы сегиз жылга кесилген.

Кийин Маевский өзү Орусияда «бирөөнү жаманатты кыла турган маалыматты ачыкка чыгарбаш үчүн жабырлануучулардан ири суммадагы акча талап кылган» деп айыпталып камалды. Анын басма сөз катчысы Максим Букин да камалганы маалым болду.

Былтыр 19-декабрда президент Сооронбай Жээнбеков басма сөз жыйынында Текебаевди түрмөдөн бошотуу маселесине кийлигише албай тургандыгын, бирок өзү кайрылса мыйзам боюнча ырайым берүүгө мүмкүнчүлүк бар экенин айткан.

Көп өтпөй, 25-декабрда экс-президент Роза Отунбаева президент Сооронбай Жээнбековго кайрылып, Текебаевге ырайым берүүнү өтүнгөн, буга мыйзамдуу негиз бар экенин айткан. Аны парламенттеги бардык фракция лидерлери колдоп, кол коюп беришкен.

Бирок президенттик аппараттагы ырайым берүү маселесин караган комиссия ал өтүнүчтү канааттандыруудан баш тартып, аны Текебаев өзү арыз жазбаганы үчүн кароого негиз жана предмет жок экендиги менен түшүндүргөн.

Жогорку сот 23-апрелде Текебаевдин ишин жаңы жагдайлар боюнча кайра караганы жатат. (AzK)

XS
SM
MD
LG