Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 01:52

УКМК Айбек Калиевдин жактоочусуна жооп берди


Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Айбек Калиевдин жактоочусунун «Жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) кырсыктын чыныгы себептери бурмаланып жатат» деген билдирүүсүнө жооп берди.

Атайын кызматтын басма сөз кызматы тараткан маалыматта Калиевдин адвокаты уюштурган басма сөз жыйыны жана анда айтылган сөздөр кылмыш ишине саясий боёк кошуу, коомчулукту адаштыруу жана сотко басым кылуу катары бааланган.

3-апрелде Бишкек ЖЭБиндеги коррупция жана андагы өндүрүштүк кырсык үчүн айыпталып жаткан Айбек Калиевдин жактоочусу Бакыт Жумашев ишканадагы кырсыктын чыныгы себептери тууралуу маалымат бурмаланып, чыныгы айыптууларга көңүл бурулбай жатканын айткан.

Ал ЖЭБ боюнча кылмыш ишин тергөөдө көптөгөн фактыларга көңүл бурулбай, мурдагы директор Нурлан Өмүркул уулунун, башкы инженердин жана башка кызматкерлердин жоопкерчилиги каралбай жатканын билдирген. (BTo)

Пикирлерди көрүңүз (6)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG