Шаршембинин кечинде Британиянын парламенти өкмөттү Евробиримдиктен чыгуу мөөнөтүн дагы жылдырууну өтүнүүгө милдеттендирди. Муну менен алар 12-апрелде биримдиктен эч бир келишимсиз чыгып кетүү коркунучунун алдын алып жатышат.
Премьер-министр Тереза Мэй эми Брюсселге кайрылып, 22-майга чейин убакыт сурашы керек.
Буга чейин Евробиримдик Брекзиттин мөөнөтүн жылдырып, 12-апрелге чейин убакыт берген.
Парламенттегилер өздөрүнүн ичинен сунушталган төрт жолду дүйшөмбүдө четке кагышкан. Ага чейин Мэйдин Брюссел менен чогуу түзгөн келишими үч ирет добушка коюлуп, бирок өтпөй калган.