Литва соту өз жаранын Орусиянын пайдасына тыңчылык кылды деп таап, жети жылга түрмөгө кести.
Delfi.lt басылмасынын жазганына караганда литвалык Роман Шушел өлкөдөгү аскердик, стратегиялык объектилер жөнүндө маалымат чогултуп жүргөн.
Шушел күнөөнү моюнга алган жок. Анын адвокаттары жогорку инстанцияга кайрыларын билдиришти.
Литванын Башкы прокуратурасы Шушел Орусиянын чалгын кызматы азгырган, ал негизинен Клайпеда портунда иш жүргүзгөн деп эсептейт. Айыпкер НАТОнун курамындагы өлкөлөрдүн, анын ичинде Литванын аскер-деңиз күчтөрүнүн кемелери, аскерлик техникасы тууралуу маалымат чогултуп жүргөнү айтылат.
Клайпеда - Балтика деңизинин жээгиндеги порт-шаар. Жашоочуларынын төрттөн бири орус тилин эне тили деп эсептешет.