Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова «Азаттыкка» билдирди:
- «Компромат.кг» сайтындагы «абактагылар Мелис Турганбаевдин кызматтан кетишин талап кылып, ооздорун тигип, ачкачылык жарыялап жатышат. Түрмөнүн ичинде Турганбаев бизнес кылып жатат» деген маалыматтар чындыкка дал келбейт. Аталган сайт Турганбаев ЖАМКка жетекчи болуп келгенден бери аны каралаган, эски маалыматтарды жарыялап келатат.
Сабатарованын айтымында, түрмөдө эч кандай нааразылык жок. Баары тынч, кадимкидей иш жүрүп жатат.
4-апрелде айрым сайттарда жана социалдык тармактарда «№47 түрмөдөгүлөр Мелис Турганбаевге каршы нааразылык кылып, ачкачылык жарыялашты» деген маалыматтар жарыяланган.
Мурдагы ички иштер министри Мелис Турганбаев февраль айынын башында Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) төрагасы болуп дайындалган.
Кыргызстандын түрмөлөрүндө 15 миңдей киши камалып турат. Алардын 500гө жакыны аялдар, элүүдөн ашууну жашы жете элек балдар. (ZKo)