Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кыргыз-казак чек арасындагы «Ак-Тилек - Автожол» көзөмөл өткөрмө бекетиндеги кырдаал боюнча Казакстандын өкмөт башчысы Аскар Мамин менен үч жолу сүйлөшкөнүн билдирди.
Абылгазиев өкмөттүн бүгүнкү жыйынында Кыргызстан менен Казакстандын бажы кызматтарынын жетекчилери кечээ, 4-апрелде казак премьер-министринин кабинетинде маселени талкуулашканын жана туура чечимге келишкенин айтты.
- Кээ бирлер бизди «унчукпай жатат» деп айтып жатышат. Унчукпай, сүйлөшүүлөр менен чечилчү айрым экономикалык маселелер, абдан кылдат мамиле кылчу маселелер бар. Өкмөт аны карап, байкоочу болуп турган жери жок. Биз өз деңгээлибизде иштеп атабыз. Кудай буюрса бул чечилет. Муну биз Евразия Экономикалык Биримдигиндеги комиссиянын төрагасы менен да сүйлөштүк. Бүгүн, эртең туура чечимге келебиз деген ойдомун, - деди Абылгазиев.
«Ак-Тилек - Автожол» көзөмөл өткөрмө бекетинде жүк ташуучу автоунаалардын узун кезеги 19-марттан тартып пайда болгон.
Буга казак тарап текшерүүнү күчөтүп, бир саатта 4-5 жүк ташуучу автотранспортту өткөрүп жатканы себеп болууда. Текшерүү күчөтүлө электе аталган посттон күнүнө 300дөн 400гө чейин жүк ташуучу автоунаа өтүп турган. (BTo)