Аламүдүн райондук соту 4-апрелде Чүй облустук Баңгизатка каршы күрөш кызматынын эки кызматкери - Руслан Ниязалиев менен Эдик Экимбаевдин, Чүй облустук ички иштер башкармалыгын эки кызматкери Байжигит Жумабаев менен Нурлан Бейшеналиевдин ишин карады. Аларга Жазык кодексинин 305-беренеси («Кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чабуу») жана 305-1-беренеси («Кыйноо») боюнча кылмыш иши козголуп, айыпталып жаткан.
Сот милиция кызматкерлеринин бирин «кылмышты жашырган» деп айыптап, калган үчөөнү 305-берене боюнча күнөөлүү деп тапты. Бирок иштин мөөнөтү өтүп кеткенине байланыштуу эч кандай жазага тарткан жок. Сот чечимине жабырлануучулар жана укук коргоочулар нааразылыгын билдиришти. Жабырлануучунун жактоочусу Наталья Давлетбаева соттун чечими түшүнүксүз болгонун айтты:
- Сабатсыз чыгарылган, түшүнүксүз өкүм болду. «Денесине анча оор эмес залал келтирүү» деген берененин жаза мөөнөтү үч жыл. Ал эми жабырлануучунун кабыргаларын сындырышкан, башына желим баштык кийгизип кыйнашкан. Сот болсо «кыйноо мотиви болгон эмес» дейт. Бул болбогон сөз. Кыйноо боюнча бардык далилдер бар болчу.
Жактоочунун айтуусунда, сот Юсуф Пиригамды кармоо учурунда гана мыйзам бузган деп тапты. Давлетбаева Аламүдүн райондук сотунун чечимин жокко чыгарууну өтүнүп Жогорку сотко кайрылмак болду.
60 жаштагы жабырлануучу Юсуф Пиригам 2015-жылы баңгизат ташуу боюнча шек саналып, камакка алынган. Токмок шаардык убактылуу камоочу жайында жаткан жеринен аны Кыйноого каршы улуттук борбордун адистери байкап калып, анын арызын прокуратурага тапшырышкан.
Прокуратура Пиригамды кыйнаган деген шек менен Чүй облустук баңгизатка каршы күрөш башкармалыгынын эки кызматкерине жана Чүй облустук ИИБ эки кызматкерине каршы Кылмыш-жаза кодексинин 305-беренесин («Кызматтык ыйгарым укуктардан аша чабуу») жана 305-1-беренеси («Кыйноо») менен кылмыш ишин козгогон. (TSh/ZKo)