Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:29

Бишкекте «Жибек жолу» интерактивдүү көргөзмөсү ачылды


«Жибек жолу» интерактивдүү көргөзмөсүнүн ачылышы. 5-апрель, 2019-жыл.
«Жибек жолу» интерактивдүү көргөзмөсүнүн ачылышы. 5-апрель, 2019-жыл.

Гапар Айтиев атындагы Улуттук көркөм сүрөт музейинде бүгүн, 5-апрелде «Жибек жолу» интерактивдүү көргөзмөсү ачылды. Аны «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду «Кийиз дүйнө» коомдук фонду менен чогуу уюштурууда.

Көргөзмө Улуу Жибек жолу өткөн Кыргызстандын жана башка өлкөлөрдүн тарыхы, маданияты, каада-салты, тамак-ашы, биомаданий өзгөчөлүктөрү жана кен байлыктары туурасында келечек муунга маалымат берүү максатын көздөйт.

28-апрелге чейин болчу иш-чарага Жибек жолу өткөн өлкөлөрдүн Кыргызстандагы 16 элчилиги катышып, бир күндөн өз өлкөсүн таанытат. Андан тышкары улуттук дөөлөткө айланган искусство тармактары боюнча чеберчилик сабактары өткөрүлөт. Балдар адабиятына бир күн арналып, «Жылдыздар балдарга китеп окуйт» акциясына белгилүү жазуучулар жана маданият ишмерлери катышат.

Кыргызстан - Улуу Жибек жолунун таманында жайгашкан өлкөлөрдүн бири. Соода кербендери Ош, Өзгөн, Баласагын, Суяб, Барскан, Ат-Башы, Тоң сыяктуу орто кылымдагы шаарлар аркылуу өткөн.

Көргөзмөгө Кыргызстан, ошондой эле Жибек жолундагы Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Азербайжан, Түркмөнстан, Кытай, Индия, Иран, Түркия, Монголия, Жапония, Түштүк Корея, Пакистан, Ооганстан жана Орусия өлкөлөрүнүн элчиликтери катышат. (BD)

XS
SM
MD
LG